ЖААЧЫ (зодиак топ жылдызы): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖААЧЫ to ЖААЧЫ (зодиак топ жылдызы)) |
(Айырма жок)
|
03:28, 30 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖААЧЫ (Sagittarius) – зодиак топ жылдызы. Байыркы гректер белгилеген 48 топ жылдыздын бири. Жаачы Саманчы жолу галактикасынын жылдыздарга бай алкагында, башкача айтканда Галактиканын борбордук багытында жайгашкан. Башка топ жылдыздарга караганда Жаачыда 15тен ашык объект жайгашкан. Алардын ичинде Лагуна, Омега (Ак куу), RY Жаачы, β Жаачы ж. б. Галактиканын борбордук багыты А Жаачы жылдызы м-н дал келет. Ал эми W ж-а X Жаачы цефеиддер деп аталат. М 22 (NGC 6656) – шар түрүндөгү жылдыздардын жыйындысы ж-а дүрбү м-н жакшы байкалат. Күн Жаачы аркылуу декабрдын орто ченинен январдын орто ченине чейин өтөт.