Part2 327-бет: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>Part2 556-бет</b>
[[Категория:3-том, 327-448 бб]]
 
 
[[File:Part2 327-бет1.png | thumb | none]]
унда калыңдыгы 1–2,5 <i>км</i> келген катмар (чык&shy;кан теги белгисиз, «экинчи» кабат деп аталат) жатат. «Базальт» кабатынын калыңдыгы океан түбүндө 5 <i>км</i>ге жетет. Жер кыртышы м-н м а н т и я н ы н ортосундагы сейсмикалык ыкмалардын негизинде аныкталган чек ара Мо&shy;хоровичич бети деп аташат. Муну Мохо чеги же Мохо бети деп да айтышат. Мохо бетинен ки&shy;йинки калыңдыгы 40 <i>км</i>ге жеткен катуу кат&shy;мар кыртыш алдындагы катмар делет. Жер кыр&shy;тышы м-н кыртыш алдындагы катмар экөө би&shy;ригип, литосфераны түзөт. Мантиянын калың&shy;дыгы 2900 <i>км</i>. Ал үстүнкү мантияга (субстрат; В, С) төмөнкү мантияга (Д., калыңдыгы 2000 <i>км</i>) ажырайт. Үстүнкү мантиянын кыртыш ал&shy;дындагы катмардан кийинки кабаты астенос&shy;фера деп аталат. Ал балкып эриген абалда бо&shy;лот. Ж. я д р о с у н у н радиусу 3,5 миң <i>км</i>ге жакын. Ал сырткы ядро (Е) ж-а ички ядро (субъядро; G) болуп бөлүнөт (к. сүрөт). Аларды калыңдыгы 300 <i>км</i>ге жеткен өтмө зона (F) бөлүп турат (адатта муну сырткы ядрого кошушат). Ж-дин курамында Fe, O, Si, Mg басымдуулук (Ж. массасынын 90%) кылат. Жер кыртышы&shy;нын жарымын кычкылтек, чейрегин кремний, бир топ бөлүгүн Al, Mg, Ca, Na ж-а K түзөт. Ядро Fe м-н Mgге бай оор минералдардан турат. Сейсмикалык толкундардын таралышынан улам сырткы ядро суюк, ал эми ички ядро (субъядро) катуу абалда деп болжолдонот.
<br>Ж-дин геосфераларында заттар тынымсыз
кыймыл-аракетте ж-а өзгөрүүдө болот. Ж. те&shy;реңдигинде ж-а анын үстүнкү бетинде болуучу процесстер ички (эндогендик), сырткы (экзоген&shy;дик) процесстерге бөлүнөт. Эндогендик процесс&shy;тер жер кыртышынын айрым бөлүктөрүн ары&shy;бери же өйдө-төмөн жылдырат, деформациялайт (к. <i>Тектоникалык кыймылдар</i>). Тектон. кый&shy;мылдардын таасиринен магма процесси жүрөт, б. а. магма жогору көздөй көтөрүлүп, жер кыр&shy;тышын түртөт же андагы жаракалар аркылуу
жер үстүнө атылат (к. <i>Жанартоо</i>). Тектон. де&shy;формация м-н магманын көтөрүлүшү (басым м-н темп-ранын жогорулашы) жер кыртышын&shy;дагы тектердин метаморфизмделишине шарт түзөт (к. <i>Метаморфизм</i>). О. эле жер бети ж-а жер кыртышынын үстүнкү кабаты экзогендик процесстердин таасиринде болот. Алар экиге бөлүнөт: талкалоочу ж-а жаратуучу (талкалан&shy;ган тектердин ойдуңдарга топтолушу ж-а чөкмө тектин келип чыгышы). Ички ж-а сырткы күчтөрдүн таасиринен жер бетинин түзүлүшү тынымсыз өзгөрүп турат. Материктер м-н оке&shy;андар формасын бир нече жолу өзгөрткөн. Жер кыртышынын айрым бөлүктөрү көтөрүлүп, тоо&shy;лор пайда болгон же басырылып ойдуңга ай&shy;ланган. Тектон. кыймылдардын таасиринен Жер бетинин рельефи, климаты, жаныбарлары м-н
өсүмдүктөрү өзгөрүүлөргө дуушарланган. Демек, орг. дүйнөнүн өсүп-өнүгүүсү жер бетинин өнүгүү тарыхынын негизги этаптары м-н тыгыз бай&shy;ланышта жүргөн. Ж. ө н д ү р ү ш к а р а ж а&shy;т ы катары – эмгек процессинин материалдык базасы, каражат өндүрүүдөгү факторлордун бири. Ж. – эл чарбасынын, өзгөчө токой ж-а а. ч-нын эң негизги табигый өндүрүш каражаты.
 
 
 
Ад.: <i>Куликов К. А., Сидоренко Н. С.</i> Планета Земля. 2-е изд. М., 1977; <i>Бялко А. В.</i> Наша планета Земля. 2-е изд. М., 1989; <i>Хаин В. Е., Короновский Н. В.</i> Планета Земля от ядра до ионосферы. М., 2007. <i>Хаин В. Е., Ломидзе М. Г.</i> Геотектоника с основами геодинамики. М., 2005. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
 

08:53, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы