ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЛИМАТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЛИ́МАТ , м е з о к л и м а т – бир же бир нече метеостанция тарабынан иликтенген, табигый шарттары бир түрдүү болгон чакан аймактын климаты (мис., токой массиви, деңиз жээги, анча чоң эмес шаар климаты ж. б.). Таралуусу б-ча Ж. к. макроклимат м-н микроклиматтын ортосунда өтмө абалда. Ж. к-тын өзгөчөлүктөрү ошол аймактагы жер бетинин түзүлүшүнө (анын топографиясына, топурак, өсүмдүктөрүнүн мүнөзүнө, шаар курулуш иштерине ж. б.) байланыштуу. Мындай өзгөчөлүктөр айрыкча атм-нын төмөнкү катмарларында (бир нече жүз м бийиктикке чейин) байкалат. Ж. к-тын кубулуштарына көптөгөн жерг. шамалдар да кирет; мис., Ысык-Көлдөгү Улан, Сан-Таш шамалдары.