ЖЕРДИН ГРАВИТАЦИЯЛЫК ТАЛААСЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕРДИН ГРАВИТАЦИЯЛЫК ТАЛААСЫ – оордук күчүнүн талаасы; Жердин өзүнө тартуу ж-а анын суткалык айланышынан пайда болуучу борбордон четтөөчү күч м-н шартталган табигый күчтөрдүн мейкиндиги. Ал оордук күчү ж-а анын потенциалы м-н мүнөздөлөт (к. Гравиметрия). Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону б-ча жер бетиндеги бардык заттар ж-а массалар жерге тартылып турат. Ошондуктан өйдө ыргытылган таш кайра жерге түшөт. Тартылуу күчү өтө алыс аралыкка (мис., Айга, Күнгө ж. б.) чейин таасир этет. Ошонун натыйжасында Ай Жерди, Жер Күндү айланат. Тартылуу күчү адамга азырынча белгисиз гравитациялык толкундардын таасиринен келип чыгат. Жер бетинде тартылуу күчү Жердин айлануусунан пайда болгон борбордон четтөөчү күчтүн каршылыгына учурап азаят. Ал о о р д у к к ү ч ү деп аталат. Оордук күчүнүн ылдамдануусу гал (лук бузулат. Алар рельефтин ар кандай болушунан, тоо тек катмарларынын курамдык өзгөрүшүнөн ж-а жер кыртышындагы калыңдыктын ар түрдүүлүгүнөн ж-а жер кыртышынын кыймылынан келип чыгышы мүмкүн. Жердин тарыхында оордук күчү бир калыпта туруктуу болбогондугу да аныкталган. Оордук күчүнүн өзгөрүшү г р а в и т а ц и я в а р и о м е т р и сыяктуу сезгич приборлор м-н өлчөнөт. Оордук күчүнүн өзгөрүшү байкалган жер кыртышынын аймактары г р а в и т а ц и я а н о м а л и яс ы деп аталат. Ал оң ж-а терс гравитация аномалиясына бөлүнөт. Жер шарында эң жогорку терс аномалия (366 мГал) Атлантика океанында (Пуэрто-Рико чуңкурунда), оң аномалия (270 мГал) Филиппинде байкалган. Жер бетинде гравиметриялык өлчөөлөрдүн негизинде изилденген аймактагы оордук күчтүн изолиниялар м-н көрсөтүлгөн мааниси атайын г р а в и м е тр и я л ы к к а р т а л а р г а түшүрүлөт. Алар кендерди издөө ж-а чалгындоо иштеринде кеңири колдонулат (к. Гравиметриялык чалгындоо ыкмасы). О. эле Ж. г. т. гравитациянын көптөгөн маселелерин чечүү, Жер тулкусун аныктоо ж. б. учурларда пайдаланылат.
Ад.: Грушинский Н. П. Теория фигуры Земли. 2-е изд. М., 1976; Цубои Т. Гравитационное поле Земли. М., 1982; Молоденский М. С. Гравитационное поле. Фигура и внутреннее строение Земли. М., 2001.