ЖЕР ЖАЗДЫКТАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР ЖАЗДЫКТАР , ж а з д ы к с ы м а л ө с ү м д ү к т ө р – жерге жабышып өскөн кыска сабактуу, майда жалбырактуу көп жылдык өсүмдүктөр. Алар, демейде, дайыма жашыл, өтө бутактанат, өркүндөрү өтө тыгыз жайгашат (негизги сөңгөгү жок). Өркүндөрү узунунан өспөй, каптал бүчүрлөрү көбөйүп, сыртынан кыркып койгондой болуп, жаздыкка окшош. Аларда көмөкчү тамырлар өтө көп пайда болот. Ж. ж-дын бийиктиги бир нече смден (уюл кызгалдагы ж. б.) 1 мге жетет. Бийик тоолордо, тундрада, суук чөлдөрдө, б. а. жайы өтө салкын, кышы суук жерлерде калыптанат. Өсүмдүктүн мындай формаларынын пайда болушу айлана-чөйрөнүн өтө суук экендигин билдирет. Мис., Памирде, Теңир-Тоодогу деңиз деңг. 4000 м бийиктикте өскөн кекек, каз таман – жер жаздык өсүмдүктөрдүн тиричилик формаларынын бир көрүнүшү.