ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ АЙМАГЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ АЙМАГЫ</b> – табигый | <b type='title'>ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ АЙМАГЫ</b> – табигый географиялык аймак (өлкө). Пиреней, Апеннин, Балкан жарым аралдарын, Кичи Азиянын түштүк ж-а батыш бө­лүктөрүн, Сирия, Палестина жээктерин, Афри­канын түндүк жээгин (Атлас тоолорунун көп бө­лүгүн) ж-а Жер ортолук деңиздеги аралдарды камтыйт. Аянты 4 млн <i>км</i><sup>2</sup>дей. Альп бүктөлүү (геосинклиналдык) облусуна кирет; активдүү жер титирөө болот; аракеттеги жанартоолор бар (<i>Этна, Везувий, Стромболи</i>). Түндүк бөлүгүнүн ре­льефине орто бийик тоолордун, бөксө тоолор­дун ж-а дөңсөөлүү түздүктөрдүн айкалышы мүнөздүү; карст рельефи да кеңири таралган (мисалы, Динара тайпак тоосунда ж. б.). Жер ортолук деңиз аймагынын африкалык бөлүгүндө катмарланган түзү­лүштөгү түздүктөр басымдуу. Субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачын кышында арбын жаайт, жайы кургакчыл. Ян­вардын орточо температурасы түндүк-чыгышында 0–2°С, түштүгүндө 10–12°С, июлдуку түндүгүндө 19– 20°С, түштүгүндө 28–30°С. Түздүктөрүнө жылы­на 300–400 <i>мм</i>, тоолоруна 3000 <i>мм</i>ге чейин жаан-чачын жаайт. Түштүктү ж-а чыгышты карай климаттын кургакчылыгы күчөйт. Веге­тация мезгили узакка (7 айдан ашык) созулган­дыктан, субтропиктик өсүмдүктөрдү өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, бирок суунун тартыштыгы­нан дыйканчылык ж-а бак-дарак өстүрүү чекте­лет. Дарыяларынын суусу жайында өтө тарты­лат; сугатка кеңири пайдаланылат. Негизги дарыялары: Эбро, Рона, По, Марица, Нил. Өсүм­дүктөрдөн ксерофилдик дайыма жашыл жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, фригана, гарига) басымдуу; ошондой эле катуу, жазы ж-а ийне жалбырактуу токой массивдери да (негизинен тоолордо) кездешет. Жер ортолук деңиз аймагынын африкалык ж-а азиялык бөлүктөрүндө жарым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Буудай, жүгөрү, май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт; бак-дарак, жүзүм­зар, цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары ке­ңири аянтты ээлейт. Тоолуу бөлүктөрүндө мал чарбасы (негизинен кой чарбасы), жээк суула­рында балыкчылык (сардина, тунец) өнүккөн. Жээктеринде деңиз курорттору (<i>Ривьера</i>) арбын. Жер ортолук деңиз аймагы (Средиземье) – антикалык цивилиза­ция өнүккөн тарыхый аймак. | ||
Ад.: <i>Грацианский А. Н.</i> Природа Средиземноморья. М., 1971; <i>Ерамов Р. А</i>. Физическая география Зару­бежной Европы. М., 1973; Физическая география ма­териков и океанов. М., 1988; <i>Притула Т. Ю., Ерёми­на В. А., Спрялин А. Н</i>. Физическая география ма­териков и океанов. М., 2004. | |||
<i>Ө. Бараталиев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
05:53, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ АЙМАГЫ – табигый географиялык аймак (өлкө). Пиреней, Апеннин, Балкан жарым аралдарын, Кичи Азиянын түштүк ж-а батыш бөлүктөрүн, Сирия, Палестина жээктерин, Африканын түндүк жээгин (Атлас тоолорунун көп бөлүгүн) ж-а Жер ортолук деңиздеги аралдарды камтыйт. Аянты 4 млн км2дей. Альп бүктөлүү (геосинклиналдык) облусуна кирет; активдүү жер титирөө болот; аракеттеги жанартоолор бар (Этна, Везувий, Стромболи). Түндүк бөлүгүнүн рельефине орто бийик тоолордун, бөксө тоолордун ж-а дөңсөөлүү түздүктөрдүн айкалышы мүнөздүү; карст рельефи да кеңири таралган (мисалы, Динара тайпак тоосунда ж. б.). Жер ортолук деңиз аймагынын африкалык бөлүгүндө катмарланган түзүлүштөгү түздүктөр басымдуу. Субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачын кышында арбын жаайт, жайы кургакчыл. Январдын орточо температурасы түндүк-чыгышында 0–2°С, түштүгүндө 10–12°С, июлдуку түндүгүндө 19– 20°С, түштүгүндө 28–30°С. Түздүктөрүнө жылына 300–400 мм, тоолоруна 3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Түштүктү ж-а чыгышты карай климаттын кургакчылыгы күчөйт. Вегетация мезгили узакка (7 айдан ашык) созулгандыктан, субтропиктик өсүмдүктөрдү өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, бирок суунун тартыштыгынан дыйканчылык ж-а бак-дарак өстүрүү чектелет. Дарыяларынын суусу жайында өтө тартылат; сугатка кеңири пайдаланылат. Негизги дарыялары: Эбро, Рона, По, Марица, Нил. Өсүмдүктөрдөн ксерофилдик дайыма жашыл жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, фригана, гарига) басымдуу; ошондой эле катуу, жазы ж-а ийне жалбырактуу токой массивдери да (негизинен тоолордо) кездешет. Жер ортолук деңиз аймагынын африкалык ж-а азиялык бөлүктөрүндө жарым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Буудай, жүгөрү, май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт; бак-дарак, жүзүмзар, цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары кеңири аянтты ээлейт. Тоолуу бөлүктөрүндө мал чарбасы (негизинен кой чарбасы), жээк сууларында балыкчылык (сардина, тунец) өнүккөн. Жээктеринде деңиз курорттору (Ривьера) арбын. Жер ортолук деңиз аймагы (Средиземье) – антикалык цивилизация өнүккөн тарыхый аймак.
Ад.: Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1971; Ерамов Р. А. Физическая география Зарубежной Европы. М., 1973; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.
Ө. Бараталиев.