ЖЕР-СУУ РЕФОРМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕР-СУУ РЕФОРМАСЫ – О. Азия ж-а Казак­станда падышалык Россия тарабынан күч м-н мамлекеттин менчигине алынган жерлерди жерг. элге кайтарып берүү үчүн Совет өкмөтү жүзөгө ашырган социалдык-экон. чаралар. Ал 1920-ж. сентябрь айындагы Түркстан Компартиясынын 5-cъездинде кабыл алынып, эки этапта өткөн: 1) 1921–22-ж. Түн. Кырг-нга келген келгиндер­ди мурдагы орундарына көчүрүп, алардын орду­на жерг. калкты отурукташтыруу ишке ашы­рылган. Мис., Каракол уездинен бошогон жерге 1578 түтүн, Пишпек уездинде 4500 түтүн кыр­гыз жайгаштырылган. Нарын уездинен 15 миң теше жер жерг. элге кайтарылган. Басмачылык­ка байланыштуу Ж.-с. р. Түш. Кырг-нда толугу м-н ишке ашкан эмес; 2) Улуттук-мамл. бөлүнүү аяктагандан кийин (к. Орто Азиянын улуттук­мамлекеттик бөлүнүшү) О. Азиянын бардык респ-ларында жүргүзүлүп (1925–29), бул этап­тагы Ж.-с. р. Түш. Кырг-нда «үчтүктөрдүн» (трой­ка) күчү м-н өзгөчө кырдаалда өткөн. Себеби бул жакта ашыкча жерди россиялык келгиндерден эмес, жерг. байлардан тартып алууга туура кел­ген. Натыйжада 1927–28-ж. жеке менчик 494 ири чарба жоюлуп, 3447 жеке чарбанын ашык­ча жери кесилип алынган. Алардын эсебинен 45 777 га сугат ж-а 22 831 га кайрак жерлер Ж.-с. р-нын фондусуна өтүп, дыйкандарга ти­йиштүү үлүш мурун 0,5 га сугат, 0,2 га кайрак жерден турса, реформадан кийин ал 2,8 га сугат, 1 га кайрак жерди түзгөн. Ж.-с. р-нын мааниси О. Азиядагы жерг. элден күч м-н тар­тылып алынган жерлер кайтарылып, орус ку­лактары пайдаланган артыкча укук чектелип, феодалдык ээликтерге айланган көп жерлер кем­багалдарга бөлүнүп берилгендигинде болгон. Ж. Ж. Жунушалиев.