ЖЕР-СУУ РЕФОРМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЕР-СУУ РЕФОРМАСЫ</b> – О. Азия ж-а Казак&shy;станда падышалык Россия тарабынан күч м-н мамлекеттин менчигине алынган жерлерди жерг. элге кайтарып берүү үчүн Совет өкмөтү жүзөгө ашырган социалдык-экон. чаралар. Ал 1920-ж. сентябрь айындагы Түркстан Компартиясынын 5-cъездинде кабыл алынып, эки этапта өткөн:
<b type='title'>ЖЕР-СУУ РЕФОРМАСЫ</b> – Орто Азия ж-а Казак&shy;станда падышалык Россия тарабынан күч м-н мамлекеттин менчигине алынган жерлерди жергиликтүү элге кайтарып берүү үчүн Совет өкмөтү жүзөгө ашырган социалдык-экономикалык чаралар. Ал 1920-жылы сентябрь айындагы Түркстан Компартиясынын 5-cъездинде кабыл алынып, эки этапта өткөн: 1) 1921–22-жылдарда Түндүк Кыргызстанга келген келгиндер&shy;ди мурдагы орундарына көчүрүп, алардын орду&shy;на жергиликтүү калкты отурукташтыруу ишке ашы&shy;рылган. Мисалы, Каракол уездинен бошогон жерге 1578 түтүн, Пишпек уездинде 4500 түтүн кыр&shy;гыз жайгаштырылган. Нарын уездинен 15 миң теше жер жергиликтүү элге кайтарылган. <i>Басмачылык&shy;ка</i> байланыштуу жер-суу реформасы Түштүк Кыргызстанда толугу м-н ишке ашкан эмес; 2) Улуттук-мамлекеттик бөлүнүү аяктагандан кийин (к. <i>Орто Азиянын улуттук&shy;мамлекеттик бөлүнүшү</i>) Орто Азиянын бардык республикаларында жүргүзүлүп (1925–29), бул этап&shy;тагы жер-суу реформасы  Түштүк Кыргызстанда «үчтүктөрдүн» (трой&shy;ка) күчү м-н өзгөчө кырдаалда өткөн. Себеби бул жакта ашыкча жерди россиялык келгиндерден эмес, жергиликтүү байлардан тартып алууга туура кел&shy;ген. Натыйжада 1927–28-жылдарда жеке менчик 494 ири чарба жоюлуп, 3447 жеке чарбанын ашык&shy;ча жери кесилип алынган. Алардын эсебинен 45 777 <i>га</i> сугат ж-а 22 831 <i>га</i> кайрак жерлер жер-суу реформасынын фондусуна өтүп, дыйкандарга ти&shy;йиштүү үлүш мурун 0,5 <i>га</i> сугат, 0,2 <i>га</i> кайрак жерден турса, реформадан кийин ал 2,8 <i>га</i> сугат, 1 <i>га</i> кайрак жерди түзгөн. Жер-суу реформасынын мааниси Орто Азиядагы жергиликтүү элден күч м-н тар&shy;тылып алынган жерлер кайтарылып, орус ку&shy;лактары пайдаланган артыкча укук чектелип, феодалдык ээликтерге айланган көп жерлер кем&shy;багалдарга бөлүнүп берилгендигинде болгон.
1) 1921–22-ж. Түн. Кырг-нга келген келгиндер&shy;ди мурдагы орундарына көчүрүп, алардын орду&shy;на жерг. калкты отурукташтыруу ишке ашы&shy;рылган. Мис., Каракол уездинен бошогон жерге 1578 түтүн, Пишпек уездинде 4500 түтүн кыр&shy;гыз жайгаштырылган. Нарын уездинен 15 миң теше жер жерг. элге кайтарылган. <i>Басмачылык&shy;ка</i> байланыштуу Ж.-с. р. Түш. Кырг-нда толугу м-н ишке ашкан эмес; 2) Улуттук-мамл. бөлүнүү аяктагандан кийин (к. <i>Орто Азиянын улуттук&shy;мамлекеттик бөлүнүшү</i>) О. Азиянын бардык респ-ларында жүргүзүлүп (1925–29), бул этап&shy;тагы Ж.-с. р. Түш. Кырг-нда «үчтүктөрдүн» (трой&shy;ка) күчү м-н өзгөчө кырдаалда өткөн. Себеби бул жакта ашыкча жерди россиялык келгиндерден эмес, жерг. байлардан тартып алууга туура кел&shy;ген. Натыйжада 1927–28-ж. жеке менчик 494 ири чарба жоюлуп, 3447 жеке чарбанын ашык&shy;ча жери кесилип алынган. Алардын эсебинен
45 777 <i>га</i> сугат ж-а 22 831 <i>га</i> кайрак жерлер Ж.-с. р-нын фондусуна өтүп, дыйкандарга ти&shy;йиштүү үлүш мурун 0,5 <i>га</i> сугат, 0,2 <i>га</i> кайрак жерден турса, реформадан кийин ал 2,8 <i>га</i> сугат, 1 <i>га</i> кайрак жерди түзгөн. Ж.-с. р-нын мааниси О. Азиядагы жерг. элден күч м-н тар&shy;тылып алынган жерлер кайтарылып, орус ку&shy;лактары пайдаланган артыкча укук чектелип, феодалдык ээликтерге айланган көп жерлер кем&shy;багалдарга бөлүнүп берилгендигинде болгон.
<i>Ж. Ж. Жунушалиев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]]


<i>Ж. Ж. Жунушалиев.</i>
[[Категория:3-том, 327-448 бб]]

09:49, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕР-СУУ РЕФОРМАСЫ – Орто Азия ж-а Казак­станда падышалык Россия тарабынан күч м-н мамлекеттин менчигине алынган жерлерди жергиликтүү элге кайтарып берүү үчүн Совет өкмөтү жүзөгө ашырган социалдык-экономикалык чаралар. Ал 1920-жылы сентябрь айындагы Түркстан Компартиясынын 5-cъездинде кабыл алынып, эки этапта өткөн: 1) 1921–22-жылдарда Түндүк Кыргызстанга келген келгиндер­ди мурдагы орундарына көчүрүп, алардын орду­на жергиликтүү калкты отурукташтыруу ишке ашы­рылган. Мисалы, Каракол уездинен бошогон жерге 1578 түтүн, Пишпек уездинде 4500 түтүн кыр­гыз жайгаштырылган. Нарын уездинен 15 миң теше жер жергиликтүү элге кайтарылган. Басмачылык­ка байланыштуу жер-суу реформасы Түштүк Кыргызстанда толугу м-н ишке ашкан эмес; 2) Улуттук-мамлекеттик бөлүнүү аяктагандан кийин (к. Орто Азиянын улуттук­мамлекеттик бөлүнүшү) Орто Азиянын бардык республикаларында жүргүзүлүп (1925–29), бул этап­тагы жер-суу реформасы Түштүк Кыргызстанда «үчтүктөрдүн» (трой­ка) күчү м-н өзгөчө кырдаалда өткөн. Себеби бул жакта ашыкча жерди россиялык келгиндерден эмес, жергиликтүү байлардан тартып алууга туура кел­ген. Натыйжада 1927–28-жылдарда жеке менчик 494 ири чарба жоюлуп, 3447 жеке чарбанын ашык­ча жери кесилип алынган. Алардын эсебинен 45 777 га сугат ж-а 22 831 га кайрак жерлер жер-суу реформасынын фондусуна өтүп, дыйкандарга ти­йиштүү үлүш мурун 0,5 га сугат, 0,2 га кайрак жерден турса, реформадан кийин ал 2,8 га сугат, 1 га кайрак жерди түзгөн. Жер-суу реформасынын мааниси Орто Азиядагы жергиликтүү элден күч м-н тар­тылып алынган жерлер кайтарылып, орус ку­лактары пайдаланган артыкча укук чектелип, феодалдык ээликтерге айланган көп жерлер кем­багалдарга бөлүнүп берилгендигинде болгон.

Ж. Ж. Жунушалиев.