ЖЕР ЭЛЛИПСОИДИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕР ЭЛЛИПСОИДИ – геоид фигурасына эң ок­шош айлануу элипсоиди; анын көлөмү ж-а Жер тулкусундагы абалы градустук ченөө, тартылуу күчүнүн ылдамдануусун өлчөө ж-а Жердин жа­салма жандоочусу аркылуу байкоо м-н аныкта­лат. Ал геодезия, картография ж. б-дын ил. ж-а практикалык маселелерин чечүү үчүн кабыл алынган. КМШда ж. б. айрым өлкөлөрдө Кра­совскийдин эллипсоиди колдонулган. Анын өлчөмү: чоң жарым огу (экватор радиусу) 6378245 м, уюлдук кысылуусу 1:298.3; багыт алышы Пулков обсерваториясынын башкы за­лынын борбору аркылуу өткөн узундук м-н аныкталат.