ЖЕТИ-ӨГҮЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИ-ӨГҮЗ – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Жети-Өгүз айыл округунун борбору. Жети-Өгүз суусунун боюнда, деңиз деңг. 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыш-нан 24 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 211 км. Калкы 3366 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, амбулатория, дарыкана, клуб, китепкана, соода түйүнү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакка жакын Жети-Өгүз курорту жайгашкан.