ЖИБЕК КӨПӨЛӨКТ ӨР Ү: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖИБЕК КӨПӨЛӨКТ ӨР Ү (B om b y c idae) – көпөлөктөр тукуму. Бул көпөлөктөрдүн эжеке бээ саасынын (гусеницасы) куурчакчага айла­нардан мурда жибек жип бөлүп чыгарып, ага өзү оронуп, пиллага айланат. Денеси муунак­туу, алдыңкы канаты кайкы; оозу рудименттүү, муруттары тарамданып турат. 300дөй түрү бел­гилүү. Ж. к-нун эжеке бээ саасынын жип бези­нен бөлүнүп чыгуучу буласы (жибек жип) – та­таал амин к-талар комплекси. Ал жип турук­туу фиброинден туруп, сырты эрип кетүүчү сери­цин м-н капталган. Анын 20га жакын түрү бар. Ж. к-нүн ичинен (тыт Ж. к.) жибек пилласын түзүп, андан жибек жиби алынат, ал жибек­чиликте пайдаланылат. КМШ өлкөлөрүндө тыт Ж. к., Кытай, Японияда эмен Ж. к. өстүрүлөт. Ж. к-нүн жапайы түрлөрү бак-дарактарга зыян келтирет. Ошондуктан аларга каршы күрөшүү чаралары жүргүзүлөт. Жапайы тыт Ж. к. мур­дагы СССРдин Кызыл китебине катталган.