ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ</b> – Ак-Буура суусунун ала­бынан орун алган кооз өрөөн. Алай кырка тоо­сунун тармактарынын аралыгында меридиан ба­гытына жакын жайгашкан. | <b type='title'>ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ</b> – Ак-Буура суусунун ала­бынан орун алган кооз өрөөн. Алай кырка тоо­сунун тармактарынын аралыгында меридиан ба­гытына жакын жайгашкан. Узундугу 40 <i>км</i>дей, туу­расы 5 <i>км</i>ге чейин. Орточо бийиктиги 2800 <i>м</i>, эң би­йик жери 3900 <i>м</i>, жапыз жери 2100 <i>м</i> (Кожоке­лең). Өрөөндүн капталдары тик, аскалуу келип, негизинен палеозойдун акиташ теги, төмөнкү бөлүгү бор м-н палеогендин кызыл түстүү конг­ломератынан, неогендин кум-чополуу тектери­нен турат. Ой-Тал, Мазар ж. б. каптал өрөөн­дөрдө бул тектердин калыңдыгы 100–150 <i>м</i>ге жетип, тар каньондорду (шаңшаарларды) пай­да кылат. Өрөөндүн жогорку бөлүгү корумдар, байыркы мореналар, суу чөгүндүлөрү м-н кап­талган. Кышы суук, жайы мелүүн. Январдын орточо температурасы –8 ...–10°С, июлдуку 15–16°С; жылдык жаан-чачыны 300–500 <i>мм</i>. Негизги суу­лары: Жиптик, Кайыңды. Өрөөн түштүк-чыгыш­тан түндүк-батышка жантайыңкы болгондуктан, суулары шар агат. Бөгөттөр, шаркыратмалар көп. Негизинен арча токою, шалбаа басымдуу; түзөң бөлүгү маданий ландшафт. Өрөөндө Ко­жокелең кыштагы жайгашкан. Жайыт. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
03:55, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ – Ак-Буура суусунун алабынан орун алган кооз өрөөн. Алай кырка тоосунун тармактарынын аралыгында меридиан багытына жакын жайгашкан. Узундугу 40 кмдей, туурасы 5 кмге чейин. Орточо бийиктиги 2800 м, эң бийик жери 3900 м, жапыз жери 2100 м (Кожокелең). Өрөөндүн капталдары тик, аскалуу келип, негизинен палеозойдун акиташ теги, төмөнкү бөлүгү бор м-н палеогендин кызыл түстүү конгломератынан, неогендин кум-чополуу тектеринен турат. Ой-Тал, Мазар ж. б. каптал өрөөндөрдө бул тектердин калыңдыгы 100–150 мге жетип, тар каньондорду (шаңшаарларды) пайда кылат. Өрөөндүн жогорку бөлүгү корумдар, байыркы мореналар, суу чөгүндүлөрү м-н капталган. Кышы суук, жайы мелүүн. Январдын орточо температурасы –8 ...–10°С, июлдуку 15–16°С; жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Негизги суулары: Жиптик, Кайыңды. Өрөөн түштүк-чыгыштан түндүк-батышка жантайыңкы болгондуктан, суулары шар агат. Бөгөттөр, шаркыратмалар көп. Негизинен арча токою, шалбаа басымдуу; түзөң бөлүгү маданий ландшафт. Өрөөндө Кожокелең кыштагы жайгашкан. Жайыт.