ЖОГОРКУ БИЛИМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОГОРКУ БИЛИМ – толук орто билимдин базасында ЖОЖдордо бериле турган, түрдүү тармактагы жогорку квалификациялуу адистер
үчүн зарыл болгон билим деңгээли; илим, техника ж-а мад-ттын соңку жетишкендиктерин
чыг-лык м-н пайдалануу ж-а аны өркүндөтүү аркылуу адистик б-ча коюлган теор. ж-а практикалык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берүүчү, системага келтирилген билим ж-а ыктардын жыйындысы. Түрдүү баскычтагы жогорку мектептер мындан миңдеген жылдар мурда пайда болсо да (Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө), Ж. б. азыркы түшүнүктөгү маанисине о. кылымда гана ээ болгон. 18-к-да ж-а 19-к-дын 1-жарымында Россияда Ж. б-дин өнүгүшүнө орус агартуучулары Я. П. Ковалевский, Д. С. Аничков, С. Е. Десницкий чоң салым кошкон. Алар Ж. б-ди демократиялаштырууну көздөшкөн. Материалистфилософ А. Н. Радищев гуманитардык илимдерди, табият таануу ж-а математика илимдерин кеңири ж-а терең үйрөнүүгө негизделген окутуу программасын Россияда биринчи сунуш кылган. Орус рев-ячыл демократтары Г. Белинский, А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов, Д. И. Писарев ж-а педагогдор Т. Н. Грановский, К. Д. Ушинский, Н. И. Пирогов Ж. б-дин көп ил.-методикалык
маселелерин чечүүгө жардам беришкен. 19-к-дын 70-жылдарында Батыш Европа ж-а Америка
өлкөлөрүндөгүдөй эле Россияда да Ж. б. берүү
башталган. Москва, Казан, Петербург ж-а Киевде жогорку курстар уюшулган. Кийин Ж. б-дин максаты ж-а милдети өзгөрүп, В. И. Лениндин Декретинин (1921) негизинде кайра түзүлгөн. Декрет РСФСРдин ЖОЖдору ж-дөгү жаңы Жобону бекиткен (к. Жогорку окуу жайлар). Адистерди даярдоонун сапатын арттыруу жогорку мектептин башкы милдетине айланган. 1921-ж. Москвада, Петроградда Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик ун-ти уюштурулган.
РСФСРдин чет жагында жумушчу ф-ттери ачылып, анда окугандарга стипендия, ЖОЖго өтүү
үчүн жеңилдиктер бериле баштаган. КРдин эгемендүүлүгү, анын улуттук таламдары Ж. б. системасынын кубаттуу ж-а натыйжалуулугун талап кылды. Ж. б-ди өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары: илимге умтулуу, улуттук мад-тты
өнүктүрүү, туруктуу өнүгүүгө багытталуу дүйнөлүк билим берүү деңгээлине жетүү. Ж. б. берүүнү реформалоодо мазмундук, уюштуруучулук-адм. мүнөздөгү өзгөрүүлөр жүрүп, эл аралык стандартка багыт алуу башталган.(к. Болонья келишими). Кырг-нда да Болонья системасына кирүүгө көңүл бурула баштаган. АКШ, Түркия, Россия өлкөлөрү м-н биргелешкен окуу жайлары ачылган. Экон. кыйынчылыктарга карабастан, бул тармакта өзгөрүүлөр болду. Анын негизги өзөгүн 1992-жылдагы КРдин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы, «Билим программасы», «21-кылымдын кадрлары» программалары ж. б. концепциялар түзөт. Кадрларды даярдоодо Ж. б. берүүнүн көп баскычтуу системасы киргизилген: а) базалык жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а бакалавр академиялык даражасы берилет; б) толук жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а магистр академиялык даражасы берилет; в) толук жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а дипломдуу адис квалификациялык даражасы берилет. Квалификациялуу адистик билим алгандан кийин тездетилген программа б-ча 1,5 жылда магистрдик даражаны алууга мүмкүнчүлүк берет. Бакалавр дипломун алгандан кийин квалификациялуу адис даярдоо программасы б-ча 1,5 жылда тийиштүү багыт б-ча окууну улантууга болот. ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү илимдин кандидаты ж-а доктору окумуштуулук даражасы берилүүчү ил. ж-а ил.-пед. кадрларды даярдап чыгаруу программасы б-ча жүргүзүлүп, ЖОЖдордо ж-а ил. мекемелерде түзүлгөн талапкердик, аспирантура, адьюнктура, докторантура аркылуу ишке ашырылат. Ж. б. берүүнүн мазмунун, сапатын билим берүүнүн мамл. башкаруу органы – КРдин Билим берүү ж-а илим министрлиги көзөмөлдөйт.
М. Молдалиева, А. Элебесова.