ЖОГОРКУ БИЛИМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОГОРКУ БИЛИМ</b> – толук орто билимдин ба­засында ЖОЖдордо бериле турган, түрдүү тар­мактагы жогорку квалификациялуу адистер | <b type='title'>ЖОГОРКУ БИЛИМ</b> – толук орто билимдин ба­засында ЖОЖдордо бериле турган, түрдүү тар­мактагы жогорку квалификациялуу адистер үчүн зарыл болгон билим деңгээли; илим, тех­ника ж-а маданияттын соңку жетишкендиктерин чыгармачылык м-н пайдалануу ж-а аны өркүндөтүү аркылуу адистик боюнча коюлган теориялык ж-а прак­тикалык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берүүчү, системага келтирилген билим ж-а ыктардын жыйындысы. Түрдүү баскычтагы жогорку мек­тептер мындан миңдеген жылдар мурда пайда болсо да (Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө), жогорку билим азыркы түшүнүктөгү маанисине орто кылымда гана ээ болгон. 18-кылымда ж-а 19-кылымдын 1-жарымында Россияда жогорку билимдин өнүгүшүнө орус агартуучула­ры Я. П. Ковалевский, Д. С. Аничков, С. Е. Дес­ницкий чоң салым кошкон. Алар жогорку билимди де­мократиялаштырууну көздөшкөн. Материалист-­философ А. Н. Радищев гуманитардык илим­дерди, табият таануу ж-а математика илимде­рин кеңири ж-а терең үйрөнүүгө негизделген окутуу программасын Россияда биринчи су­нуш кылган. Орус революциячыл демократтары Г. Белинский, А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевс­кий, Н. А. Добролюбов, Д. И. Писарев ж-а пе­дагогдор Т. Н. Грановский, К. Д. Ушинский, Н. И. Пирогов жогорку билимдин көп илимий-методикалык маселелерин чечүүгө жардам беришкен. 19-кылымдын 70-жылдарында Батыш Европа ж-а Америка өлкөлөрүндөгүдөй эле Россияда да жогорку билим берүү башталган. Москва, Казан, Петербург ж-а Киевде жогорку курстар уюшулган. Кийин жогорку билимдин максаты ж-а милдети өзгөрүп, В. И. Лениндин Декретинин (1921) негизинде кайра түзүлгөн. Декрет РСФСРдин ЖОЖдору жөнүндөгү жаңы Жобону бекиткен (к<i>. Жогорку окуу жайлар</i>). Адистерди даярдоонун сапатын арттыруу жо­горку мектептин башкы милдетине айланган. 1921-жылы Москвада, Петроградда Чыгыш эмгек­чилеринин коммунисттик университети уюштурулган. | ||
үчүн зарыл болгон билим деңгээли; илим, тех­ника ж-а | <br>РСФСРдин чет жагында жумушчу факултеттери ачы­лып, анда окугандарга стипендия, ЖОЖго өтүү үчүн жеңилдиктер бериле баштаган. КРдин эге­мендүүлүгү, анын улуттук таламдары жогорку билим сис­темасынын кубаттуу ж-а натыйжалуулугун та­лап кылды. Жогорку билимди өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары: илимге умтулуу, улуттук маданиятты өнүктүрүү, туруктуу өнүгүүгө багытталуу дүй­нөлүк билим берүү деңгээлине жетүү. Жогорку билим берүүнү реформалоодо мазмундук, уюштуруу­чулук-административдик мүнөздөгү өзгөрүүлөр жүрүп, эл ара­лык стандартка багыт алуу башталган.(к. <i>Бо­лонья келишими).</i> Кыргызстанда да Болонья систе­масына кирүүгө көңүл бурула баштаган. АКШ, Түркия, Россия өлкөлөрү м-н биргелешкен окуу жайлары ачылган. Экономикалык кыйынчылыктарга ка­рабастан, бул тармакта өзгөрүүлөр болду. Анын негизги өзөгүн 1992-жылдагы КРдин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы, «Билим программа­сы», «21-кылымдын кадрлары» программалары ж. б. концепциялар түзөт. Кадрларды даярдоо­до жогорку билим берүүнүн көп баскычтуу системасы кир­гизилген: а) базалык жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а бакалавр академиялык да­ражасы берилет; б) толук жогорку кесиптик би­лим берүү, диплом ж-а магистр академиялык даражасы берилет; в) толук жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а дипломдуу адис ква­лификациялык даражасы берилет. Квалифика­циялуу адистик билим алгандан кийин тезде­тилген программа боюнча 1,5 жылда магистрдик даражаны алууга мүмкүнчүлүк берет. Бакалавр дипломун алгандан кийин квалификациялуу адис даярдоо программасы боюнча 1,5 жылда ти­йиштүү багыт боюнча окууну улантууга болот. ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү илим­дин кандидаты ж-а доктору окумуштуулук да­ражасы берилүүчү илимий ж-а илимий-педагогикалык кадрларды даярдап чыгаруу программасы боюнча жүргүзүлүп, ЖОЖдордо ж-а илимий мекемелерде түзүлгөн талап­кердик, аспирантура, адьюнктура, докторанту­ра аркылуу ишке ашырылат. Жогорку билим берүүнүн маз­мунун, сапатын билим берүүнүн мамлекеттик башка­руу органы – КРдин билим берүү ж-а илим ми­нистрлиги көзөмөлдөйт. | ||
маселелерин чечүүгө жардам беришкен. 19- | |||
өлкөлөрүндөгүдөй эле Россияда да | |||
башталган. Москва, Казан, Петербург ж-а Киевде жогорку курстар уюшулган. Кийин | |||
<br>РСФСРдин чет жагында жумушчу | |||
үчүн жеңилдиктер бериле баштаган. КРдин эге­мендүүлүгү, анын улуттук таламдары | |||
өнүктүрүү, туруктуу өнүгүүгө багытталуу дүй­нөлүк билим берүү деңгээлине жетүү. | |||
<i>М. Молдалиева, А. Элебесова.</i> | <i>М. Молдалиева, А. Элебесова.</i> | ||
13 сап: | 7 сап: | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
05:29, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖОГОРКУ БИЛИМ – толук орто билимдин базасында ЖОЖдордо бериле турган, түрдүү тармактагы жогорку квалификациялуу адистер үчүн зарыл болгон билим деңгээли; илим, техника ж-а маданияттын соңку жетишкендиктерин чыгармачылык м-н пайдалануу ж-а аны өркүндөтүү аркылуу адистик боюнча коюлган теориялык ж-а практикалык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берүүчү, системага келтирилген билим ж-а ыктардын жыйындысы. Түрдүү баскычтагы жогорку мектептер мындан миңдеген жылдар мурда пайда болсо да (Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө), жогорку билим азыркы түшүнүктөгү маанисине орто кылымда гана ээ болгон. 18-кылымда ж-а 19-кылымдын 1-жарымында Россияда жогорку билимдин өнүгүшүнө орус агартуучулары Я. П. Ковалевский, Д. С. Аничков, С. Е. Десницкий чоң салым кошкон. Алар жогорку билимди демократиялаштырууну көздөшкөн. Материалист-философ А. Н. Радищев гуманитардык илимдерди, табият таануу ж-а математика илимдерин кеңири ж-а терең үйрөнүүгө негизделген окутуу программасын Россияда биринчи сунуш кылган. Орус революциячыл демократтары Г. Белинский, А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов, Д. И. Писарев ж-а педагогдор Т. Н. Грановский, К. Д. Ушинский, Н. И. Пирогов жогорку билимдин көп илимий-методикалык маселелерин чечүүгө жардам беришкен. 19-кылымдын 70-жылдарында Батыш Европа ж-а Америка өлкөлөрүндөгүдөй эле Россияда да жогорку билим берүү башталган. Москва, Казан, Петербург ж-а Киевде жогорку курстар уюшулган. Кийин жогорку билимдин максаты ж-а милдети өзгөрүп, В. И. Лениндин Декретинин (1921) негизинде кайра түзүлгөн. Декрет РСФСРдин ЖОЖдору жөнүндөгү жаңы Жобону бекиткен (к. Жогорку окуу жайлар). Адистерди даярдоонун сапатын арттыруу жогорку мектептин башкы милдетине айланган. 1921-жылы Москвада, Петроградда Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университети уюштурулган.
РСФСРдин чет жагында жумушчу факултеттери ачылып, анда окугандарга стипендия, ЖОЖго өтүү үчүн жеңилдиктер бериле баштаган. КРдин эгемендүүлүгү, анын улуттук таламдары жогорку билим системасынын кубаттуу ж-а натыйжалуулугун талап кылды. Жогорку билимди өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары: илимге умтулуу, улуттук маданиятты өнүктүрүү, туруктуу өнүгүүгө багытталуу дүйнөлүк билим берүү деңгээлине жетүү. Жогорку билим берүүнү реформалоодо мазмундук, уюштуруучулук-административдик мүнөздөгү өзгөрүүлөр жүрүп, эл аралык стандартка багыт алуу башталган.(к. Болонья келишими). Кыргызстанда да Болонья системасына кирүүгө көңүл бурула баштаган. АКШ, Түркия, Россия өлкөлөрү м-н биргелешкен окуу жайлары ачылган. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, бул тармакта өзгөрүүлөр болду. Анын негизги өзөгүн 1992-жылдагы КРдин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы, «Билим программасы», «21-кылымдын кадрлары» программалары ж. б. концепциялар түзөт. Кадрларды даярдоодо жогорку билим берүүнүн көп баскычтуу системасы киргизилген: а) базалык жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а бакалавр академиялык даражасы берилет; б) толук жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а магистр академиялык даражасы берилет; в) толук жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а дипломдуу адис квалификациялык даражасы берилет. Квалификациялуу адистик билим алгандан кийин тездетилген программа боюнча 1,5 жылда магистрдик даражаны алууга мүмкүнчүлүк берет. Бакалавр дипломун алгандан кийин квалификациялуу адис даярдоо программасы боюнча 1,5 жылда тийиштүү багыт боюнча окууну улантууга болот. ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү илимдин кандидаты ж-а доктору окумуштуулук даражасы берилүүчү илимий ж-а илимий-педагогикалык кадрларды даярдап чыгаруу программасы боюнча жүргүзүлүп, ЖОЖдордо ж-а илимий мекемелерде түзүлгөн талапкердик, аспирантура, адьюнктура, докторантура аркылуу ишке ашырылат. Жогорку билим берүүнүн мазмунун, сапатын билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органы – КРдин билим берүү ж-а илим министрлиги көзөмөлдөйт.
М. Молдалиева, А. Элебесова.