ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ – шаарларда ж-а калктуу конуштарда жол кыймылынын бардык катышуучуларынын (жөө адам, транспорт каражаттары) коопсуздугун камсыз кылууга ж-а тартибин сактоого багытталган жоболор. СССРде алгачкы Ж. ж. э. Москва ш. ж-а анын айланасы үчүн 1922-ж. бекитилген. 1940-ж. типтүү эрежелер 1-жолу иштелип чыгып, ал 1957-ж. унификацияланган. Мына ушундан кийин союздук респ-ларда, анын ичинде Кырг-нда да Ж. ж. э. киргизилген. Кийин эл аралык конвенциялардын жол кыймылы ж-а жол белгилери м-н сигналдары жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттардын талаптарын эске алуу м-н «Жолдо жүрүүнүн жаңы эрежелери» түзүлүп, ал 1973-жылдын 1-январынан СССРдин бардык жеринде колдонула баштаган. Азыр КРдин аймагында жол кыймылын жөнгө салуучу негизги документ – КРдин Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4- августундагы ¹ 421 токтомунда бекитилген «Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери», 1999-жылдын 1-сентябрынан колдону л ат . 2009-жыл дын 3-март ында ага өзгөртүүлөр киргизилип, 2009-жылдын 1-апрелинен мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген. Ж. ж. э. төмөнкүлөрдү камтыйт: жалпы жоболор; айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн, жөө адамдардын укуктары ж-а милдеттери; атайын сигналдарды колдонуу; светофордун ж-а жөнгө салуучунун сигналдары; авариялык сигналдарды ж-а авариялык токтоп калуу белгисин колдонуу; кыймылды баштоо, манёвр жасоо; жүрүүчү бөлүктө унаа каражаттарынын жайгашуусу; кыймылдын ылдамдыгы ж-а аралыкты (дистанция) сактоо; озуп өтүү ж-а кайчы өтүү; унаа туруучу ж-а токтооочу кесилиштерден өтүү; жөө адам өткөөлдөрү ж-а маршуттары, транспорт каражаттарынын аялдамалары, т. ж-дордон өтүү; автомагистралдар аркылуу кыймыл; турак жай зоналарындагы кыймыл; маршруттагы транспорт каражаттарынын артыкчылыгы; тышкы жарык берүүчү каражаттарды колдонуу; мех. транспорт каражатын сүйрөтүү; айдаганга үйрөтүү, жүргүнчү ж-а жүк ташуу; велосипеддердин, мопеддердин, арабалардын кыймылына, о. эле мал айдоого кошумча талаптар. Ж. ж. э. жол кыймылынын бирдей тартибин, анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жагында, КРдин бүткүл аймагында атайын ички иштер органдарынын контролдоочу, көзөмөлдөөчү ж-а уруксат берүүчү функцияларды аткарган ыйгарым укуктуу кызматкерлери иш алпарышат. Ж. ж. э-н транспорт каражатын айдоочулар ж-а жөө адамдар сактоого милдеттүү.
Ад.: Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери. Б., 2009. Т. Абдылдаев, К. Бутешов.