ЖОЛДОШОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОЛДОШОВ Токчоро [1902, Бишкек уезди, Кара-Булак айылы (Кара-Жылга деген жерде), азыркы Чүй обл., Кемин р-ну – 1937] – Кырг-ндагы алгачкы мамл. ишмерлердин бири, кыргыздын туңгуч ад-т сынчысы. Алма-Атадагы Казак-кыргыз агартуу ин-тун бүтүргөн (1925). Москвадагы Борб. улуттар басмасынын кыргыз

секциясында редактор ж-а жооптуу секретарь (1925– 27), Кыргыз эл агартуу комиссариатынын акад. тобуна төрага (1927–29), Кырг-н БАКтын президиумуна мүчө (1929–31), жооптуу секретарь, Кырг-н колхоз борборунун төрагасы (1931–32), Кыргыз АССРинин эл агартуу комиссары (1933–35)
кызматтарында иштеген. Ж-дун ад-тка кызыгуусу студенттик жылдарында башталган. Ийримдерге үзгүлтүксүз катышып, «Саулэ» («Шоола») деген ат менен кол жазма түрүндө чыгуучу коомдук-саясий журналга редактор болгон ж-а ага кыргыз элинин оозеки чыгармаларынан тынымсыз жарыялап турган. Ал Алма-Ата ш-нда казак тилинде чыгып турган «Тилши» («Тилчи») гезитинин кабарчысы болгон. «Кыргыз көркөм адабияты», «Аалы Токомбай уулунун ырлары», «Адабия т май данында» (1926), «Көрктүү адабиятыбыз менен акындарыбыз» (1927), «Октябрь жана кыргыздын адабияты» (1928), «Кайгылуу Какей» (М. Токобай уулунун пьесасы, 1928), Касымаалынын «Ажар» ж-а «Сакучулдун сын» (1929) сыяктуу көптөгөн сын макалаларды жазып, кыргыз адабий сынына чыйыр салган. Тил, термин маселелери тууралуу «Тил илими атоо (термин) жөнүндө», «Жаңы тамга жөнүндө», «Алипбээге бир нече тыбыш жана тамга коштук» аттуу макалаларында Ж. өтө кыраакылык м-н негизги урунттуу көрүнүштөрдү белгилеген. Анын «Көрктүү адабиятыбыз жана акындарыбыз» аттуу макаласы өз замандаш калемдештеринин көркөм чыгармага сын макалаларынан сабаттуу жазылгандыгы, маселени коё билгендиги м-н айырмаланат. Акындар чыг-лыгы, поэзия туурасында сөз кылууда саясатташкан мезгил талабына жамынып, алардын жалаң саясий идеол. барк-баасына гана көңүл бурбастан, чыгарманын көркөмдүк касиет-сапаты, чыгармачыл инсанды калыптандырган шарт, жагдай, коомдук таасир маселесин кошо камтууга, ар тараптан талдоого алууга умтулган. О. эле, ал адабий жыйнактардын (Тоголок Молдонун «Насыят», Боогачынын «Күйгөн», Т. Жапиев айткан «Семетейден» үзүндү ж. б.) редактору, «Кызыл гүл» аттуу кыргыз тилиндеги алгачкы поэзиялык жыйнактын (1927) түзүүчүсү ж-а баш сөзүнүн автору болгон. 1937-ж. репрессияланган, 1956-ж. акталган.