ЖОНГЛЁР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОНГЛЁР (лат. joculator – куудул, шайыр, тамашакөй) – 1) о. кылымдын башында Франциядагы кыдырма шайыр музыканттар (алар-

ды гистрион деп да аташкан). Англиядагы менестрелдер, Германиядагы шпильмандар, Россиядагы с к ом орохт ор да Ж. сымал өнөрпоздор болгон. Элдин үрп-адатына, оюндарына байланыштуу чыккан бул өнөр муз. элемент м-н поэзияны, ымдоо-жаңдоо м-н акробатиканы бириктирип, прокөрсөткөн. Азыркы циркте Ж. көп учурда акробатика, эквилибристика, клоунада машыктыруу м-н байланыштуу. Анын атчан, керилген зым, тепкич ж. б-га чыгып ж-а жерде ойноочу түрлөрү бар. 20-к-да Э. Растели орус циркинде татаал акробатикалык амалды аткарып, Ж. жанрынын өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөткөн. Кыргыз циркинде У. Урманов, А. Санянин, З. Исаков сыяктуу көрүнүктүү Ж. өнөрпоздору бар, к. Кыргыз цирки.