ЖООН-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖООН-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–5-к-на таан­дык мүрзөлөр. Талас суусунун сол өйүзүндө, Кең- Арал кыш-нын түш.-чыгыш тарабында жай­гашкан. Көрүстөндө 30дан ашуун дөбө-мүрзө болгон, бийикт. 6 м, диаметри 50 м. Сөөктөр жарма ж-а төрт чарчы жөнөкөй көрлүү мүр­зөлөргө коюлган. Казуу убагында карапа, жы­гач идиштер, түрдүү түстөгү шуру, мончоктор, кылыч сыныктары, асыл таш чөгөрүлгөн ал­тын асемдер, жаанын жебелери ж. б. буюмдар табылган. 1898-ж. финн илимпозу Г. Гейкель, 1960-ж. кыргыз археологу Ы. Кожомбердиев изилдеген.