ЖОРГО СӨЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
мNo edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖОРГО СӨЗ</b> , ы р г а к т у у п р о з а – 1) ке&shy;ңири мааниде – тыбыштык жактан уюштуру&shy;луп, аздыр-көптүр баамга уруна тургандай ыр касиетине (ыргакка, стопалык же муундук мый&shy;зам ченемге, ички уйкашка, эвфониялык кара&shy;жаттарга ж. б.) ээ болгон кара сөз. Кооз кептин мындай түрүн антикалык ад-тчылар ж-а тарых&shy;чылар, белгилүү орус жазуучулары (Н. В. Го&shy;голь, И. С. Тургенев, А. Белый ж. б.), Европа м-н Азия элдеринин көркөм сөз чеберлери пайда&shy;ланышкан. Дүйнөлүк ад-тта жалаң Ж. с. м-н жазылган ири чыгармалар да бар (мис., Р. Рол&shy;ландын «Кола Брюньон» повести); 2) кыргыз оозеки кара сөзүндөгү поэтикалуу кептин бир түрү. Анда кадыресе кара сөздүн да, ырдын да белгилери бар: бир эле сүйлөмдө кара сөздүн ар кандай түрмөктөрү ж-а ар кыл муундагы ыр саптары айкалышып, байкаларлык ыргак жа&shy;тат. Бирок Ж. с-дө туруктуу муун өлчөмү кайта&shy;ланбайт, мис., Жесир кемпирдин үйүндө кызма&shy;тын кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына ка&shy;ралашып, отун-суусуна аралашып турду («Ке&shy;дейкан»). Ж. с. жөө жомоктордо, баатырдык (ыр) дастандардын кара сөз м-н айтылган жер&shy;леринде, чечендер м-н ырчылардын санат сөздө&shy;рүндө арбын жолугат. Эл куудулу Шаршен Тер&shy;мечиковдун оозеки аңгемелеринде да Ж. с-дүн элементтери жыш. Кыргыз адабий прозасында Ж. с-дүн салтын К. Жантөшев, Р. Шүкүрбеков («Тоо элинин баатыры» повести бүтүндөй Ж. с. м-н жазылган), А. Убукеев аздыр-көптүр өрчүт&shy;көн. Кыргыз поэзиясында өрчүгөн эркин ыр формасы да Ж. с-дөн өнүп чыккан деп болжол&shy;доого болот.
<b type='title'>ЖОРГО СӨЗ</b> , ы р г а к т у у п р о з а – 1) ке&shy;ңири мааниде – тыбыштык жактан уюштуру&shy;луп, аздыр-көптүр баамга уруна тургандай ыр касиетине (ыргакка, стопалык же муундук мый&shy;зам ченемге, ички уйкашка, эвфониялык кара&shy;жаттарга ж. б.) ээ болгон кара сөз. Кооз кептин мындай түрүн антикалык адабиятчылар жана тарых&shy;чылар, белгилүү орус жазуучулары (Н. В. Го&shy;голь, И. С. Тургенев, А. Белый ж. б.), Европа менен Азия элдеринин көркөм сөз чеберлери пайда&shy;ланышкан. Дүйнөлүк адабиятта жалаң жорго сөз менен жазылган ири чыгармалар да бар (мисалы, Р. Рол&shy;ландын «Кола Брюньон» повести); 2) кыргыз оозеки кара сөзүндөгү поэтикалуу кептин бир түрү. Анда кадыресе кара сөздүн да, ырдын да белгилери бар: бир эле сүйлөмдө кара сөздүн ар кандай түрмөктөрү жана ар кыл муундагы ыр саптары айкалышып, байкаларлык ыргак жа&shy;тат. Бирок жорго сөздө туруктуу муун өлчөмү кайта&shy;ланбайт, мисалы, Жесир кемпирдин үйүндө кызма&shy;тын кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына ка&shy;ралашып, отун-суусуна аралашып турду («Ке&shy;дейкан»). Жорго сөз  жөө жомоктордо, баатырдык (ыр) дастандардын кара сөз менен айтылган жер&shy;леринде, чечендер менен ырчылардын санат сөздө&shy;рүндө арбын жолугат. Эл куудулу Шаршен Тер&shy;мечиковдун оозеки аңгемелеринде да жорго сөздүн элементтери жыш. Кыргыз адабий прозасында жорго сөздүн салтын К. Жантөшев, Р. Шүкүрбеков («Тоо элинин баатыры» повести бүтүндөй жорго сөз менен жазылган), А. Убукеев аздыр-көптүр өрчүт&shy;көн. Кыргыз поэзиясында өрчүгөн эркин ыр формасы да жорго сөздөн өнүп чыккан деп болжол&shy;доого болот.
 
 


Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тары&shy;хынын очерки. Ф., 1973. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тары&shy;хынын очерки. Ф., 1973. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]

09:05, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖОРГО СӨЗ , ы р г а к т у у п р о з а – 1) ке­ңири мааниде – тыбыштык жактан уюштуру­луп, аздыр-көптүр баамга уруна тургандай ыр касиетине (ыргакка, стопалык же муундук мый­зам ченемге, ички уйкашка, эвфониялык кара­жаттарга ж. б.) ээ болгон кара сөз. Кооз кептин мындай түрүн антикалык адабиятчылар жана тарых­чылар, белгилүү орус жазуучулары (Н. В. Го­голь, И. С. Тургенев, А. Белый ж. б.), Европа менен Азия элдеринин көркөм сөз чеберлери пайда­ланышкан. Дүйнөлүк адабиятта жалаң жорго сөз менен жазылган ири чыгармалар да бар (мисалы, Р. Рол­ландын «Кола Брюньон» повести); 2) кыргыз оозеки кара сөзүндөгү поэтикалуу кептин бир түрү. Анда кадыресе кара сөздүн да, ырдын да белгилери бар: бир эле сүйлөмдө кара сөздүн ар кандай түрмөктөрү жана ар кыл муундагы ыр саптары айкалышып, байкаларлык ыргак жа­тат. Бирок жорго сөздө туруктуу муун өлчөмү кайта­ланбайт, мисалы, Жесир кемпирдин үйүндө кызма­тын кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына ка­ралашып, отун-суусуна аралашып турду («Ке­дейкан»). Жорго сөз жөө жомоктордо, баатырдык (ыр) дастандардын кара сөз менен айтылган жер­леринде, чечендер менен ырчылардын санат сөздө­рүндө арбын жолугат. Эл куудулу Шаршен Тер­мечиковдун оозеки аңгемелеринде да жорго сөздүн элементтери жыш. Кыргыз адабий прозасында жорго сөздүн салтын К. Жантөшев, Р. Шүкүрбеков («Тоо элинин баатыры» повести бүтүндөй жорго сөз менен жазылган), А. Убукеев аздыр-көптүр өрчүт­көн. Кыргыз поэзиясында өрчүгөн эркин ыр формасы да жорго сөздөн өнүп чыккан деп болжол­доого болот.

Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тары­хынын очерки. Ф., 1973.