ЖОРЖОНЕ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОРЖО́НЕ [өз аты – Жоржо Барбарелли да Кастельфранко (1476, Венето – 1510, Венеция)] – итал. живописчи, Венеция мектебинин өкүлү, Улуу Кайра жаралуу доорунун иск-восун негиздегендердин бири. 1505-жылга чейинки чыгармаларында («Бадачылардын сыйынышы», Вашингтон, Улуттук иск-во галереясы; «Мадонна Ыйык Франциско жана Либералий менен», Кастельфранко собору; «Юдифь», Санкт-Петербург, Эрмитаж ж. б.) адам ж-а анын эмгегин даңазалоо көрүнө баштайт. Ж. кийинки чыгар-

маларында («Уйкудагы Венера», Дрезден галереясы;«Кыштактагы концерт», Лувр, Париж ж. б.) живописти жаңы ыкмалар м-н байытып, жаратыл ыш м-н адамдын ортосундагы шайкештик көрсөтүлгөн. Ж-нин көркөм табылгаларын чыг-лык салттарын окуучусу Тициан өнүктүргөн.
Ад.: Смирнова И. А. Джорджоне да Кастельфранко. М., 1962; Белоусова Н. А. Джорджоне. 2-е изд. М., 1996.