ЖОРЖТАУН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖО́РЖТАУН</b> – Гайана Кооперация | <b type='title'>ЖО́РЖТАУН</b> – Гайана Кооперация Республикасынын борбор шаары. Демерара-Махайка регионунун административдик борбору. Өлкөнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан порт. Калкы 238,7 миң (2007). Өлкөнүн экономикалык борбору ж-а ири жолдор тоому. Эл аралык аэро­порту бар. Шаардын экономикасында тейлөө | ||
борбор шаары. Демерара-Махайка регионунун | |||
[[File:ЖОРЖТАУН52.png | thumb | Улуттук ассамблеянын имараты.]] | |||
чөйрөсү басымдуулук кылат. Өлкөдөгү эң ири кант корпорациясы, бир нече алдыңкы компа­ниялар (анын ичинде финансы ж. б.), тамак-аш (анын ичинде кант, ром, пиво), тамеки, жыгаччылык өнөр жай иш­каналары иштейт. Университет, техникалык институт, коллеждер, Карнегинин экономикалык мектеби, калк китепканасы, музейлер (улуттук, антропология), театр («Гилд тиэтр»), улуттук маданий борбор бар. Шаарды 1781-жылы англичандар негиздеп, Георг IIIнүн ур­матынан аташкан, 1784-жылы Голландиянын Түштүк Америкадагы ээлигинин борбору болуп, алар та­рабынан Стабрук (Таброк) деп аталган. 19-кылымдын башынан англичандардын ээлигине өткөн. 1812- жылдан азыркы атында аталат. 1831–1966-жылдарда Британиялык Гвиананын, 1966-жылдан Гайа­нанын борбору. Ыйык Андрей (1811–18), жы­гачтан салынган Сент-Жорж англикан (1889–94) ж-а католиктердин соборлору (1915–20), Улуттук ассамблеянын имараты (1829–34), рату­ша (1887–89) ж. б. сакталган. Ботаникалык бак, зоо­парк уюштурулган. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
08:04, 22 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖО́РЖТАУН – Гайана Кооперация Республикасынын борбор шаары. Демерара-Махайка регионунун административдик борбору. Өлкөнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан порт. Калкы 238,7 миң (2007). Өлкөнүн экономикалык борбору ж-а ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасында тейлөө

чөйрөсү басымдуулук кылат. Өлкөдөгү эң ири кант корпорациясы, бир нече алдыңкы компаниялар (анын ичинде финансы ж. б.), тамак-аш (анын ичинде кант, ром, пиво), тамеки, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, техникалык институт, коллеждер, Карнегинин экономикалык мектеби, калк китепканасы, музейлер (улуттук, антропология), театр («Гилд тиэтр»), улуттук маданий борбор бар. Шаарды 1781-жылы англичандар негиздеп, Георг IIIнүн урматынан аташкан, 1784-жылы Голландиянын Түштүк Америкадагы ээлигинин борбору болуп, алар тарабынан Стабрук (Таброк) деп аталган. 19-кылымдын башынан англичандардын ээлигине өткөн. 1812- жылдан азыркы атында аталат. 1831–1966-жылдарда Британиялык Гвиананын, 1966-жылдан Гайананын борбору. Ыйык Андрей (1811–18), жыгачтан салынган Сент-Жорж англикан (1889–94) ж-а католиктердин соборлору (1915–20), Улуттук ассамблеянын имараты (1829–34), ратуша (1887–89) ж. б. сакталган. Ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган.