ЖОРУЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖОРУЛАР – ири жырткыч куштар тобу. Алар­га а м е р и к а ж-а к а д и м к и Ж. кирет. Булардын түзүлүшү ж-а жашоо шарты окшош. Дене уз. 90–114 см. Башы, мойну жылаңач же түк м-н капталган. Канаты жазы, тарп издеп, кээде өтө бийиктикте бир нече саат бою кал­кып учууга жөндөмдүү. Буту басып, чуркоого ылайыкталган, көк жору гана жемин буту м-н көтөрүп учат. Көпчүлүгү тарп ж-а таштанды жейт. Аска, жар, дарактарга уялайт. 1 жумурт­ка тууйт. Африка, Түш. Европа, Борб. ж-а Түш. Азияда 9 урууга бириккен 14 түрү жашайт. КМШ


өлкөлөрүндө 4 уруусунун 5 түрү бар. Ж. таби­гый санитар катары өтө пайдалуу. Алардын саны азаюуда (айрыкча Европада). Балта жу­тар ж. б. коргоого муктаж.