ЖОТТО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖО́ТТО ди Бондоне (1266 ж-а 1276-жылдар орто­сунда, Флоренцияга жакын, Веспиньяно – 8. 1. 1337, Флоренция) – итал. живописчи. Проторе­нессанс иск-восунун өкүлү. 1334-жылдан Фло­ренциядагы собордун курулушун жетектеген. Ж-нун алгачкы эмгектери – Ассиздеги Сан-Фран­ческо чиркөөсүнүн (1290–99) айрым фрескала­ры. 1300-жылдын башында Римде болуп, анти­ка дүйнөсүнүн живописи ж-а П. Каваллининин

Жотто. «Египетке качуу». Падуядагы дель-Арена капелласындагы фреска. 1305-ж. чен.

чыгармалары м-н таанышып, алардын таасири тийген. Ж. 1304–06-ж. эң негизги чыгармасы – Падуядагы Скровеньи капелласынын росписин (дель-Арен капелласын) жараткан. Акыркы чы­гармалары: Санта-Кроче чиркөөсүндөгү Иоанн Чокундуруучунун, Иоанн Евангелисттин, Фран­циск Ассизскийдин өмүрү тууралуу Перуцци (1320-ж. чен) ж-а Барди (1320–25) капеллала­рынын росписи. Ж-нун чыг-лыгы Италия иск­восунун өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.


Ад.: Алпатов М. В. Итальянское искусство эпохи Данте и Джотто. М.; Л., 1940; Лазарев В. Н. Происхождение итальянского Возрождения. Т. 1. М., 1956; Беллози Л. Джотто. М., 1996.