ЖӨЖӨ ЫРЧЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖӨЖӨ ЫРЧЫ</b> , Чөжө (Шөже) Каржаубай уулу | <b type='title'>ЖӨЖӨ ЫРЧЫ</b> , '''Чөжө (Шөже) Каржаубай уулу''' (1808, Көкчө-Тоо облусу, Кызыл-Туу району – 1895, ошол эле жер) – казак, кыргыз элине кеңири маалым акын. Айтыш өнөрүндө алдына киши салбаган чыгаандыгы, өткүрлүгү, тубаса талан­ты м-н муундан-муунга өтүп, аңыз болуп айты­лып калган. Түпкү теги – кыргыз; саруу уруусу­нун кашкатаман уругунан. Ата-бабасы Талас­ты жердеген. Ата-энеси 1779–80-жылдарда Абы­лай хандын кыргыздарга жортуулунда туткун­далып кетиптир деген сөз бар. Жөжө ырчы 1880-жыл­дарда Байтиктин айылына келип, таластык Жаныш акын м-н айтышканда: «Мен – саруу, Жаныс – кушчу чала буудан, Байтик эр – экөө­мүзгө ара тууган, Арбакка салармын арстан Байтик, Кем көрсөң Шөже агаңды Жаныс куу­дан», – деп, өзү жөнүндө ачык маалымат берген. Жөжө ырчынын чыгармачылыгы, өмүр таржымалы казак жергесинде, казак фольклорунун ж-а салттуу ырчылык поэзиянын нугунда калыптанып, өсүп-өнүккөн. Ырчы бала кезинде чечек м-н ооруп, эки көздөн ажырап, ары ата-энеден эрте кол жууп, өтө кыйынчылыкта, оор түйшүктө, жакырчылыкта эр жетсе да, чыныгы төкмөлүк таланты, курч сөздүү, өткүр чынчылдыгы м-н казак элинен урмат-сый, чоң аброй таап, «бул­бул» атыккан. Чыгармачылык багыты боюнча ал айтыш акыны. Жөжө ырчы учурунда Жети-Суу казак, кыр­гыздарын аралап, эл башкарган мыктыларды, султандарды мактап, туура эмес жагын сындап да жүргөн экен. Бирок анын кыргыз жергесин­де ырдаган ырлары жазылып алынган эмес. Акындын ысмы эл арасында белгилүү болгон­дугуна карабастан, иликтөө иши 1960-жылда­ры гана башталган. Анын Байтикти мактага­ны, кордогону, Жаныш акын м-н айтышынын аз гана бөлүгү жазылып алынып, КР УИАнын тил ж-а адабият институтунун кол жазмалар фонду­сунда сакталып турат. Айтышкандан кийин Жаныш акын аны ээрчитип, ата-бабасы өткөн Талас жергесин эки айча кыдырат, «конушу анда болсо да, көңүлү мында болуп» өмүр бою өксүп келген көңүл бөксөсүн толтурат. Жаныш да зал­кар акын м-н айтышуудан зор каниет алып, анын чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру катары баа­лап, эскерчү экен. Тагдырдын буйругу м-н эки элге бирдей таандык акын болгон. Жөжө ырчы «Отор­кан» аттуу эски жомокту да айтуучу экен. | ||
(1808, Көкчө-Тоо | |||
өсүп-өнүккөн. Ырчы бала кезинде чечек м-н | |||
ооруп, эки көздөн ажырап, ары ата-энеден эрте кол жууп, өтө кыйынчылыкта, оор түйшүктө, | |||
Ад.: <i>Исмаилов Е</i>. Акындар. Алматы, 1956; Айтыс. I том. Алматы, 1965. | |||
<i>Б. Кебекова.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
10:14, 4 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖӨЖӨ ЫРЧЫ , Чөжө (Шөже) Каржаубай уулу (1808, Көкчө-Тоо облусу, Кызыл-Туу району – 1895, ошол эле жер) – казак, кыргыз элине кеңири маалым акын. Айтыш өнөрүндө алдына киши салбаган чыгаандыгы, өткүрлүгү, тубаса таланты м-н муундан-муунга өтүп, аңыз болуп айтылып калган. Түпкү теги – кыргыз; саруу уруусунун кашкатаман уругунан. Ата-бабасы Таласты жердеген. Ата-энеси 1779–80-жылдарда Абылай хандын кыргыздарга жортуулунда туткундалып кетиптир деген сөз бар. Жөжө ырчы 1880-жылдарда Байтиктин айылына келип, таластык Жаныш акын м-н айтышканда: «Мен – саруу, Жаныс – кушчу чала буудан, Байтик эр – экөөмүзгө ара тууган, Арбакка салармын арстан Байтик, Кем көрсөң Шөже агаңды Жаныс куудан», – деп, өзү жөнүндө ачык маалымат берген. Жөжө ырчынын чыгармачылыгы, өмүр таржымалы казак жергесинде, казак фольклорунун ж-а салттуу ырчылык поэзиянын нугунда калыптанып, өсүп-өнүккөн. Ырчы бала кезинде чечек м-н ооруп, эки көздөн ажырап, ары ата-энеден эрте кол жууп, өтө кыйынчылыкта, оор түйшүктө, жакырчылыкта эр жетсе да, чыныгы төкмөлүк таланты, курч сөздүү, өткүр чынчылдыгы м-н казак элинен урмат-сый, чоң аброй таап, «булбул» атыккан. Чыгармачылык багыты боюнча ал айтыш акыны. Жөжө ырчы учурунда Жети-Суу казак, кыргыздарын аралап, эл башкарган мыктыларды, султандарды мактап, туура эмес жагын сындап да жүргөн экен. Бирок анын кыргыз жергесинде ырдаган ырлары жазылып алынган эмес. Акындын ысмы эл арасында белгилүү болгондугуна карабастан, иликтөө иши 1960-жылдары гана башталган. Анын Байтикти мактаганы, кордогону, Жаныш акын м-н айтышынын аз гана бөлүгү жазылып алынып, КР УИАнын тил ж-а адабият институтунун кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Айтышкандан кийин Жаныш акын аны ээрчитип, ата-бабасы өткөн Талас жергесин эки айча кыдырат, «конушу анда болсо да, көңүлү мында болуп» өмүр бою өксүп келген көңүл бөксөсүн толтурат. Жаныш да залкар акын м-н айтышуудан зор каниет алып, анын чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру катары баалап, эскерчү экен. Тагдырдын буйругу м-н эки элге бирдей таандык акын болгон. Жөжө ырчы «Оторкан» аттуу эски жомокту да айтуучу экен.
Ад.: Исмаилов Е. Акындар. Алматы, 1956; Айтыс. I том. Алматы, 1965.
Б. Кебекова.