ЖУВАЗ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУВАЗ</b> – өсүмдүк уруктарынан май чыгаруучу (май жуваз) ж-а шалы актоочу (ак жуваз) жө­нөкөй түзүлүштөгү жабдык. Алгач | <b type='title'>ЖУВАЗ</b> – өсүмдүк уруктарынан май чыгаруучу (май жуваз) ж-а шалы актоочу (ак жуваз) жө­нөкөй түзүлүштөгү жабдык. Алгач жуваздардын дөңгөлөгүн бир же эки киши жөө түртүп айлан­дырышкан. Бара-бара ага өгүз, эшек, ат чегиле баштаган. Акырында жуваз тегирмен сыяктуу эле суунун күчү (бара) м-н жүргүзүлгөн. Май жуваздын соку сымал бөлүгү бир же бир нече катуу чулу жыгачтан жасалып, айрымдарынын ичине жука темир капталган. Жуваз чоң соку таштарды чуң­курайта терең оюп да жасалган. Булардын жан­чууру (сок билеги) оор келип, анын учу сокунун түбүнө текши тийгендей жалпагыраак жасалып, айрымдарына темир капталган. Жуваз жанчуур кишинин, унаанын же суунун күчү м-н иште­ген. Айрым жуваздын жанчууру башкача: кыска ок темирдин эки учуна бекитилген эки чоң дөңгөлөк таш атайы жасалган чоң жалпак таш­тын үстү м-н дөңгөлөнүп, урукту (данды) жан­чып, аралашмага айландырган. Уруктар текши жанчылган соң, абдан салмактуу кыскычтар аркылуу майы бөлүнүп алынган. Ак жуваздын со­кусунун түбү май жуваздыкынан да чуңкур жасал­ган. Сокбилегинин учу май жуваздыкындай тек­ши жалпак эмес, сүйрүрөөк келип, сокусунун түбүнө жете бербегендиктен, шалыны былчы­ратпай, кабыгын гана түшүрүп, акшакты да аз чыгарган. Жуваз Кыргызстандын түштүк аймактарында колдонулат. Учурда жувазда май тартуу, шалы ак­тоо иштери механикалаштырылган. | ||
түбүнө текши тийгендей жалпагыраак жасалып, айрымдарына темир капталган. | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
жанчылган соң, абдан салмактуу кыскычтар аркылуу майы бөлүнүп алынган. Ак | |||
чыгарган. | |||
колдонулат. Учурда | |||
04:11, 23 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУВАЗ – өсүмдүк уруктарынан май чыгаруучу (май жуваз) ж-а шалы актоочу (ак жуваз) жөнөкөй түзүлүштөгү жабдык. Алгач жуваздардын дөңгөлөгүн бир же эки киши жөө түртүп айландырышкан. Бара-бара ага өгүз, эшек, ат чегиле баштаган. Акырында жуваз тегирмен сыяктуу эле суунун күчү (бара) м-н жүргүзүлгөн. Май жуваздын соку сымал бөлүгү бир же бир нече катуу чулу жыгачтан жасалып, айрымдарынын ичине жука темир капталган. Жуваз чоң соку таштарды чуңкурайта терең оюп да жасалган. Булардын жанчууру (сок билеги) оор келип, анын учу сокунун түбүнө текши тийгендей жалпагыраак жасалып, айрымдарына темир капталган. Жуваз жанчуур кишинин, унаанын же суунун күчү м-н иштеген. Айрым жуваздын жанчууру башкача: кыска ок темирдин эки учуна бекитилген эки чоң дөңгөлөк таш атайы жасалган чоң жалпак таштын үстү м-н дөңгөлөнүп, урукту (данды) жанчып, аралашмага айландырган. Уруктар текши жанчылган соң, абдан салмактуу кыскычтар аркылуу майы бөлүнүп алынган. Ак жуваздын сокусунун түбү май жуваздыкынан да чуңкур жасалган. Сокбилегинин учу май жуваздыкындай текши жалпак эмес, сүйрүрөөк келип, сокусунун түбүнө жете бербегендиктен, шалыны былчыратпай, кабыгын гана түшүрүп, акшакты да аз чыгарган. Жуваз Кыргызстандын түштүк аймактарында колдонулат. Учурда жувазда май тартуу, шалы актоо иштери механикалаштырылган.