ЖУГУШТУУ ЭКТИМА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУГУШТУУ ЭКТИМА , к о н т а г и о з д у к э к т и м а (Ecthyma contagiosum) – көбүнчө козу-улактардын эрининде, оозунун былжыр челинде, тубар кой-эчкилердин желининде жара пайда кылып өтүүчү жугуштуу ылаң. Козгогучу – ДНК вирус. Вирус жогорку темп-рага ж-а кургакка, ысыкка чыдамдуу. Табигый шартта кой, эчки, жейрен, ылаңдайт. Айрыкча 4 күндөн
10 күнгө чейинки козу-улактар ылаңдашат.
Ылаң малдан адамга да жугушу мүмкүн. Ж. э. козгогучунун булагы – ылаңдаган мал, таратуучу факторлор – Ж. э. козгогучу м-н булганган жайыт, короо-сарайлар. Соолук кой-эчкилер Ж. э. м-н жеңил ылаңдайт, ошондуктан кээде байкалбай калат да, алар туут мезгилинде ылаңдын козу-улактарга массалык түрдө таралышына себеп болот. Ылаңдын биринчи белгилери вирус койдун организмине киргенден 2–3 күн
өткөндөн кийин байкала баштайт. Кырг-ндын
шартында Ж. э. эриндеги оозул түрүндө кездешет. Эриндин териси жараланып, таруудай болгон ысыктар пайда болот. Кийинчерээк алар ириңчелерге айланып, жарылгандан кийин жука карттанат. Бир нече күндөн кийин мындай ысыктар ууртуна ж-а тилине чыгат. Диагноз эпизоотол., клиникалык маалыматтардын ж-а лабор. изилдөөлөрдүн натыйжасында коюлат. Ылаң башка микроорганизмдер м-н кабылдабай өткөндө, жараланган жердин картын сыйрыбастан, йоддун, пиоктаниндин эритмесин сүйкөйт. О. эле синтомицин эмульсиясы, антибиотиктер кошулуп даярдалган ихтиол шыбалмасы жакшы жардам берет. Ж. э-нын алдын алуу
үчүн Кырг-ндын окумуштуулары сунуш кылган вакцинаны козу-улактардын үстүнкү эринине, тубар койлордун желинине сүртүп эмдөө жүргүзүлөт. Ылаң чыккан чарбага чектөө коюлат.
Д. Раимбеков.