ЖУГУШТУУ ЭКТИМА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУГУШТУУ ЭКТИМА</b> , к о н т а г и о з д у к э к т и м а (Ecthyma contagiosum) – көбүнчө козу-улактардын эрининде, оозунун былжыр че­линде, тубар кой-эчкилердин желининде жара пайда кылып өтүүчү жугуштуу ылаң. Козгогу­чу – ДНК вирус. Вирус жогорку | <b type='title'>ЖУГУШТУУ ЭКТИМА</b> , к о н т а г и о з д у к э к т и м а (Ecthyma contagiosum) – көбүнчө козу-улактардын эрининде, оозунун былжыр че­линде, тубар кой-эчкилердин желининде жара пайда кылып өтүүчү жугуштуу ылаң. Козгогу­чу – ДНК вирус. Вирус жогорку температурага ж-а кургакка, ысыкка чыдамдуу. Табигый шартта кой, эчки, жейрен, ылаңдайт. Айрыкча 4 күндөн 10 күнгө чейинки козу-улактар ылаңдашат. Ылаң малдан адамга да жугушу мүмкүн. Жугуштуу эктима козгогучунун булагы – ылаңдаган мал, таратуу­чу факторлор – жугуштуу эктима козгогучу м-н булганган жайыт, короо-сарайлар. Соолук кой-эчкилер жугуштуу эктима м-н жеңил ылаңдайт, ошондуктан кээде байкалбай калат да, алар туут мезгилинде ылаң­дын козу-улактарга массалык түрдө таралы­шына себеп болот. Ылаңдын биринчи белгиле­ри вирус койдун организмине киргенден 2–3 күн өткөндөн кийин байкала баштайт. Кыргызстандын шартында жугуштуу эктима эриндеги оозул түрүндө кезде­шет. Эриндин териси жараланып, таруудай бол­гон ысыктар пайда болот. Кийинчерээк алар ириңчелерге айланып, жарылгандан кийин жу­ка карттанат. Бир нече күндөн кийин мындай ысыктар ууртуна ж-а тилине чыгат. Диагноз эпизоотологиялык клиникалык маалыматтардын ж-а лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында коюлат. Ылаң башка микроорганизмдер м-н кабылда­бай өткөндө, жараланган жердин картын сый­рыбастан, йоддун, пиоктаниндин эритмесин сүйкөйт. Ошондой эле синтомицин эмульсиясы, анти­биотиктер кошулуп даярдалган ихтиол шыбал­масы жакшы жардам берет. Жугуштуу энтиманын алдын алуу үчүн Кыргызстандын окумуштуулары сунуш кылган вакцинаны козу-улактардын үстүнкү эринине, тубар койлордун желинине сүртүп эмдөө жүргү­зүлөт. Ылаң чыккан чарбага чектөө коюлат. <i>Д. Раимбеков.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
10 күнгө чейинки козу-улактар ылаңдашат. | |||
өткөндөн кийин байкала баштайт. | |||
шартында | |||
үчүн | |||
<i>Д. Раимбеков.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
05:40, 23 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУГУШТУУ ЭКТИМА , к о н т а г и о з д у к э к т и м а (Ecthyma contagiosum) – көбүнчө козу-улактардын эрининде, оозунун былжыр челинде, тубар кой-эчкилердин желининде жара пайда кылып өтүүчү жугуштуу ылаң. Козгогучу – ДНК вирус. Вирус жогорку температурага ж-а кургакка, ысыкка чыдамдуу. Табигый шартта кой, эчки, жейрен, ылаңдайт. Айрыкча 4 күндөн 10 күнгө чейинки козу-улактар ылаңдашат. Ылаң малдан адамга да жугушу мүмкүн. Жугуштуу эктима козгогучунун булагы – ылаңдаган мал, таратуучу факторлор – жугуштуу эктима козгогучу м-н булганган жайыт, короо-сарайлар. Соолук кой-эчкилер жугуштуу эктима м-н жеңил ылаңдайт, ошондуктан кээде байкалбай калат да, алар туут мезгилинде ылаңдын козу-улактарга массалык түрдө таралышына себеп болот. Ылаңдын биринчи белгилери вирус койдун организмине киргенден 2–3 күн өткөндөн кийин байкала баштайт. Кыргызстандын шартында жугуштуу эктима эриндеги оозул түрүндө кездешет. Эриндин териси жараланып, таруудай болгон ысыктар пайда болот. Кийинчерээк алар ириңчелерге айланып, жарылгандан кийин жука карттанат. Бир нече күндөн кийин мындай ысыктар ууртуна ж-а тилине чыгат. Диагноз эпизоотологиялык клиникалык маалыматтардын ж-а лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында коюлат. Ылаң башка микроорганизмдер м-н кабылдабай өткөндө, жараланган жердин картын сыйрыбастан, йоддун, пиоктаниндин эритмесин сүйкөйт. Ошондой эле синтомицин эмульсиясы, антибиотиктер кошулуп даярдалган ихтиол шыбалмасы жакшы жардам берет. Жугуштуу энтиманын алдын алуу үчүн Кыргызстандын окумуштуулары сунуш кылган вакцинаны козу-улактардын үстүнкү эринине, тубар койлордун желинине сүртүп эмдөө жүргүзүлөт. Ылаң чыккан чарбага чектөө коюлат. Д. Раимбеков.