ЖУЖАҢДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУЖАҢДАР (жуаң-жуаң) – кытай жазма даректери б-ча дунху (чыгыш жапайылары) тукумунан, мугулюй (таздар) деген ат м-н белгилүү болгон уруулар. Моңгол тилдүү урууларга кирип, адегенде Вей династиясынын курамында болушкан. Гюйлухой аталган башчысынын тушунда Ж. бир аймакка бириктирилип, Жеужаң, же Жужаң деп аталган. Ж. мамлекетине Иле д-нын башы м-н Тарбагатай аймагынан тышкары Жуңгария, Алтаин-Нур тоо кыркасына жакын талаалардын бир бөлүгү, Хангай, Селенга өзөндөрүнүн бассейни, Чыгыш Халха, Инцзинхэ өзөнүнүн башатындагы Чоң Хингандын эки бети, Ляо-хе өзөндөрүнүн ортоңку ж-а жогорку агымы, а. и. балким Сунгари м-н Ляо-хе өзөндөрүнүн аралыгындагы талаалар да караган. 420-жылдары Ж. күчтүү өлкөгө айланып, Улуу талаанын гегемону болуп таанылган. Ж-дын каганы Датан башкы душманы Тоба- Вейди алсыратууга аракеттенип, 424-ж. 60 миң аскери м-н Кытайга кол салып, борборуна чейин жетип, императордун сарайын талкалаган. Датан өлгөндөн кийин анын ордуна уулу Ути отуруп, Түн. Вей мамлекеттери м-н тынчтык келишимин түзүп, жыл сайын алым төлөп турууга мажбур болгон. 437-ж. Ути аскери аларга кол салган. 439–443-, 449-, 458-ж. Ж. түн. вейликтердин аскеринен орчундуу сокку жешкен. 5-к-дын баш ченинде будда дини тарашына байланыштуу өлкө бүлгүнгө учурагандыктан, Ж. экиге бөлүнгөн. Ага карабай гаогюйлыктар м-н согушун улантып, аларды талкалап, күчтүү өлкөгө айланган. Бирок, ич ара келишпестиктердин натыйжасында Ж-дын акыркы кагандары Анахуань (Анагуй) м-н Поломынь Кытайга кетүүгө аргасыз болгон. 521-ж. Анахуань кайрадан өлкө башы болуп, түн. вейлик мамлекеттердин вассалы катары алым төлөй баштаган. 534-ж. Түн. Вей мамлекеттери батыш-чыгыш болуп, экиге бөлүнүшүнө байланыштуу жаңы саясий кырдаал түзүлөт. Натыйжада Ж. вассал болуудан баш тартып, Кытайдын чектеш аймактарына кол салган. Чыгыш Вей мамлекети Анахуань м-н бирдикте Батыш Вейди талкалоого аракет кылат, бирок батыш вейликтер түрктөргө элчи жиберишет. Түрктөр гаогюйлыктар м-н биригип, Ж-ды талкалайт (546), алардын каганы Анахуань өзүн-өзү өлтүрөт (552). Ушул окуялардын натыйжасында Борб. Азиянын саясий аренасында түрктөрдүн орду жогорулаган.
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.; Л., 1950; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки, М., 1967; Chavannes E. Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux // Сборник трудов Орхонской экспедиции. Т. IV. СПб., 1903. Т. Жуманалиев.