ЖУКЕЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУКЕЕВ " 'Таабалды (рев-ячыл жашыруун аты – Пудовкин Александр Александрович; 1882, Каракол уезди, Жети-Өгүз болуштугу – 1930, На­рын ш.) – кыргыздан чыккан алгачкы больше-

виктердин бири. Кедей үй­бүлөдөн. Жаш чагынан бай­ларга малай жүргөн. 1899-ж. кожоюну мал айдатып ба­рып, Анжиян ш-на таштап кеткен. Ошол жылы Таш­кентке келип, т. ж. уста­канасына жумушчу болуп орношкон. 1905-ж. жумуш­чулардын иш таштоосуна катышканы үчүн сүргүнгө айдалып, андан качып чык­кан. 1907-ж. Ташкент ш-нда полициянын баш­чысына кол кайырганы үчүн кармалып, дарга асып өлтүрүүгө өкүм кылынган, кийин ал 15 жылдык сүргүнгө алмашылган. Февраль рев-ясы учурунда бошонуп, 1918-ж. Кызыл Армиянын катарына өткөн, 1919–20-ж. Москва губерния-


сында, Урал обл-нда, Түш. фронтунда кызмат өтөп, Крым, Кавказда ак гвардиячыларга кар­шы күрөшкөн. 1920-ж. Түркстан фронтундагы тергөө бөлүмүндө, 1924-жылдан Кырг-нда сов., чарбалык кызматтарда иштеген. Нарын ш-нда анын эстелиги орнотулуп, музейи ачылган. Респ­нын бир нече шаарларынын көчөлөрүнө Ж-дин ысмы берилген.


Ад.: Бектенов К. Таабалды Пудовкин. 1–2-к. Ф., 1959–62; Семенков В. И. Борец за народное дело (Т. Жукеев – А. А. Пудовкин). Ф., 1963.