ЖУКОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУ́КОВ Георгий Константинович [10. 11(1. 12).

1896, РФ, Калуга обл., Угодск-Завод (азыркы Жуков) р-ну, Стрелковка айылы – 18. 6. 1974, Москва] – Сов. Союз. Маршалы (1943), 4 жолку Сов. Союз. Баатыры (1939, 1944, 1945, 1956). МЭРдин Баатыры (1969). 1-дүйнөлүк согуштун (1914–18) катышуучусу. Аскер курстарын бүтүргөн (1920, 1925). 1939-ж. япон аскерлерин Халхин- Гол д-нда (Моңголия) талкалоого жетекчилик кылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Резервдик, Ленинград, Батыш, 1-Украин ж-а 1-Белорус фронтторунун аскерлерине командачылык кылган. 1940-жылдан Киев өзгөчө аскер округунун командачысы, 1941- жылдын январынан СССР коргоо эл комиссарынын орун басары – Генштабдын начальниги, 1941-жылдын июнунан армиянын генералы, 1942-жылдын августунан СССР коргоо эл комиссарынын биринчи орун басары ж-а Жогорку Башкы командачынын орун басары. Немис аскерлерин Сталинграддын жанында талкалоодо (1942), Ленинград блогун бузуп өтүүдө (1943), душманды Курск салгылашында кыйратууда (1943) фронт аракеттерин жөнгө салып турган. Оң жээк Украинаны бошотуу операциясынын жетекчиси. 1944–45-ж. 1-Белорус фронтунун аскерлерине командачылык кылып, 1-Украин ж-а 2-Белорус фронтторунун аскерлери м-н бирге Висла-Одер операциясын жүзөгө ашырган, германиялык аскерлердин Берлин тобун талкалаган ж-а Берлинди алууга катышкан. 1945-ж. 8- майда Карлсхорстто (Берлин) жеңилген Германиянын кыңк этпей баш ийишин кабыл алган. 1945–46-ж. сов. аскерлердин Германиядагы тобунун башкы командачысы ж-а сов. аскердик администрациянын башчысы, 1946–53-ж. Одесса ж-а Урал аскер округдарынын командачысы, 1953–55-ж. СССР коргоо министринин 1-орун басары, 1955–57-ж. СССР Коргоо министри болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (1–4-шайл.) депутаты. 6 Ленин, Октябрь Революциясы, дар м-н сыйланган. Калуга обл-ндагы Угодск- Завод р-ну ж-а анын борбору, Аба чабуулунан коргонуунун командалык аскер академиясы, Москва, Ленинград, Киев, Краснодон ш-ндагы бирден көчө Ж-дун ысмынан аталган.
Чыг.: Воспоминания и размышления. 13-е изд. Т. 1–2. М., 1969.
Ад.: Яковлев Н. Н. Маршал Жуков. 2-е изд. М., 1995.