ЖУКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУ́КОВ</b> Георгий Константинович [10. 11(1. 12). | <b type='title'>ЖУ́КОВ</b> '''Георгий Константинович''' [10. 11(1. 12). | ||
[[File:ЖУКОВ64.png | thumb | none]] | [[File:ЖУКОВ64.png | thumb | none]] | ||
1896, РФ, Калуга | 1896, РФ, Калуга облусу, Угодск-Завод (азыркы Жуков) району, Стрелковка айылы – 18. 6. 1974, Москва] – Советтер Союзунун Маршалы (1943), 4 жол­ку Советтер Союзунун Баатыры (1939, 1944, 1945, 1956). МЭРдин Баатыры (1969). 1-дүйнөлүк согуштун (1914–18) каты­шуучусу. Аскер курстарын бүтүргөн (1920, 1925). 1939-жылы япон аскерлерин Халхин-Гол дарыясында (Моңголия) тал­калоого жетекчилик кыл­ган. Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилинде Резервдик, Ленинград, Батыш, 1-Ук­раин ж-а 1-Белорус фронтторунун аскерлерине командачылык кылган. 1940-жылдан Киев өзгөчө аскер округунун командачысы, 1941- жылдын январынан СССР коргоо эл комисса­рынын орун басары – Генштабдын начальни­ги, 1941-жылдын июнунан армиянын генералы, 1942-жылдын августунан СССР коргоо эл комис­сарынын биринчи орун басары ж-а Жогорку Башкы командачынын орун басары. Немис ас­керлерин Сталинграддын жанында талкалоодо (1942), Ленинград блогун бузуп өтүүдө (1943), душманды Курск салгылашында кыйратууда (1943) фронт аракеттерин жөнгө салып турган. Оң жээк Украинаны бошотуу операциясынын жетекчиси. 1944–45-жылдарда 1-Белорус фронтунун ас­керлерине командачылык кылып, 1-Украин ж-а 2-Белорус фронтторунун аскерлери м-н бирге Висла-Одер операциясын жүзөгө ашырган, гер­маниялык аскерлердин Берлин тобун талкала­ган ж-а Берлинди алууга катышкан. 1945-жылы 8- майда Карлсхорстто (Берлин) жеңилген Герма­ниянын кыңк этпей баш ийишин кабыл алган. 1945–46-жылдарда советтик аскерлердин Германиядагы то­бунун башкы командачысы ж-а советтик аскердик администрациянын башчысы, 1946–53-жылдарда Одесса ж-а Урал аскер округдарынын командачысы, 1953–55-жылдарда СССР коргоо министринин 1-орун ба­сары, 1955–57-жылдарда СССР коргоо министри болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (1–4-шайланышынын) депутаты. 6 Ленин, Октябрь Революциясы, 2 "Жеңиш" , 3 Кызыл Туу, 1--2-даражадагы Суворов ордендери, чет өлкөлүк 20 орден ж-а медалдар м-н сыйланган. Калуга облусундагы Угодск- Завод району ж-а анын борбору, аба чабуулунан коргонуунун командалык аскер академиясы, Москва, Ленинград, Киев, Краснодон шаарларындагы бирден көчө Жуковдун ысмынан аталган. | ||
1944, 1945, 1956). МЭРдин | |||
Баатыры (1969). 1-дүйнөлүк | |||
согуштун (1914–18) каты­шуучусу. Аскер курстарын бүтүргөн (1920, 1925). 1939- | |||
япон аскерлерин Халхин- | |||
Гол | |||
командачылык кылган. 1940-жылдан Киев | |||
өзгөчө аскер округунун командачысы, 1941- жылдын январынан СССР коргоо эл комисса­рынын орун басары – Генштабдын начальни­ги, 1941-жылдын июнунан армиянын генералы, 1942-жылдын августунан СССР коргоо эл комис­сарынын биринчи орун басары ж-а Жогорку Башкы командачынын орун басары. Немис ас­керлерин Сталинграддын жанында талкалоодо (1942), Ленинград блогун бузуп өтүүдө (1943), душманды Курск салгылашында кыйратууда (1943) фронт аракеттерин жөнгө салып турган. Оң жээк Украинаны бошотуу операциясынын жетекчиси. 1944–45- | |||
Чыг.: Воспоминания и размышления. 13-е изд. Т. 1–2. М., 1969. | Чыг.: Воспоминания и размышления. 13-е изд. Т. 1–2. М., 1969. | ||
Ад.: <i>Яковлев Н. Н.</i> Маршал Жуков. 2-е изд. М., 1995. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | Ад.: <i>Яковлев Н. Н.</i> Маршал Жуков. 2-е изд. М., 1995. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
08:00, 23 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУ́КОВ Георгий Константинович [10. 11(1. 12).

1896, РФ, Калуга облусу, Угодск-Завод (азыркы Жуков) району, Стрелковка айылы – 18. 6. 1974, Москва] – Советтер Союзунун Маршалы (1943), 4 жолку Советтер Союзунун Баатыры (1939, 1944, 1945, 1956). МЭРдин Баатыры (1969). 1-дүйнөлүк согуштун (1914–18) катышуучусу. Аскер курстарын бүтүргөн (1920, 1925). 1939-жылы япон аскерлерин Халхин-Гол дарыясында (Моңголия) талкалоого жетекчилик кылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Резервдик, Ленинград, Батыш, 1-Украин ж-а 1-Белорус фронтторунун аскерлерине командачылык кылган. 1940-жылдан Киев өзгөчө аскер округунун командачысы, 1941- жылдын январынан СССР коргоо эл комиссарынын орун басары – Генштабдын начальниги, 1941-жылдын июнунан армиянын генералы, 1942-жылдын августунан СССР коргоо эл комиссарынын биринчи орун басары ж-а Жогорку Башкы командачынын орун басары. Немис аскерлерин Сталинграддын жанында талкалоодо (1942), Ленинград блогун бузуп өтүүдө (1943), душманды Курск салгылашында кыйратууда (1943) фронт аракеттерин жөнгө салып турган. Оң жээк Украинаны бошотуу операциясынын жетекчиси. 1944–45-жылдарда 1-Белорус фронтунун аскерлерине командачылык кылып, 1-Украин ж-а 2-Белорус фронтторунун аскерлери м-н бирге Висла-Одер операциясын жүзөгө ашырган, германиялык аскерлердин Берлин тобун талкалаган ж-а Берлинди алууга катышкан. 1945-жылы 8- майда Карлсхорстто (Берлин) жеңилген Германиянын кыңк этпей баш ийишин кабыл алган. 1945–46-жылдарда советтик аскерлердин Германиядагы тобунун башкы командачысы ж-а советтик аскердик администрациянын башчысы, 1946–53-жылдарда Одесса ж-а Урал аскер округдарынын командачысы, 1953–55-жылдарда СССР коргоо министринин 1-орун басары, 1955–57-жылдарда СССР коргоо министри болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (1–4-шайланышынын) депутаты. 6 Ленин, Октябрь Революциясы, 2 "Жеңиш" , 3 Кызыл Туу, 1--2-даражадагы Суворов ордендери, чет өлкөлүк 20 орден ж-а медалдар м-н сыйланган. Калуга облусундагы Угодск- Завод району ж-а анын борбору, аба чабуулунан коргонуунун командалык аскер академиясы, Москва, Ленинград, Киев, Краснодон шаарларындагы бирден көчө Жуковдун ысмынан аталган.
Чыг.: Воспоминания и размышления. 13-е изд. Т. 1–2. М., 1969.
Ад.: Яковлев Н. Н. Маршал Жуков. 2-е изд. М., 1995.