ЖУМАБАЕВ 8: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАБАЕВ Шайбек Гиязович [20. 8. 1949-ж. т., Ош (азыркы Баткен) обл., Лейлек р-ну, Тагай кыш.] – генерал-майор (2005). 1973-ж. Воронеж мамл. ун-тин бүткөн. 1967–68-ж. Ош ш-нда Кырг-ндын 40 жылдыгы атн. мектепте мугалим, 1973–74-ж. Ош а. ч. техникумунда комсомол к-тинин секретары, 1974–91-ж. Кыргыз ССР Мамл. коопсуздук к-тинин Ош обл. б-ча башкармалыгында бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, начальниги, 1991–96-ж. Жалал-Абад обл. б-ча топтун улук

оперуполномочени, бөлүмдүн начальниги, 1996– 97-ж. КРдин Улуттук коопсуздук министрлигинин Жалал-Абад обл. б-ча башкармалыгында начальниктин орун басары, 1998–2002-ж. КРдин Улуттук коопсуздук министрлинде башкармалыктын начальнигинин орун басары, начальниги, 2002-ж. КРдин Мамл. бажы инспекциясында кадрлар башкармалыгынын начальниги, 2002–03-ж. КРдин Финансы министрлигинин алдында киреше б-ча к-тинде кадрлар башкармалыгынын начальниги, 2003–05-ж. Ысык-Көл, Манас, Жалал-Абад бажыканаларынын начальниги, 2005–06-ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.