ЖУМАГУЛОВ 3: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАГУЛОВ Мааметайып (24. 6. 1949-ж. т., Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Кара-Бүргөн айылы) – философия илимд. доктору (1994), проф. (1997). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2006), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (2005). 1970-ж. Пржевальск мамл. пед. ин-тун бүткөн соң, ошол эле ин-ттун философия ж-а ил. коммунизм кафедрасында окутуучу, 1976–91-ж. Кыргыз ССР ИАнын Философия ж-а укук интунда кенже, улук, жетектөөчү ил. кызматкер, 1992–96-ж. социалдык экология бөлүмүнүн башчысы, 1996–2000-ж. И. Арабаев атн. КМПУда проф., 2000-жылдан КМКТАУда кафедра башчысы. Онтология, тааным теориясы ж-а азыркы илимдердин методологиясы б-ча 200дөй ил. макала 9 монография, 5 методикалык окуу куралынын автору.
Эмг.: Понятие «связь». Б., 1991; Взаимодействие человека и природной среды. Б., 1996; Экологическое мышление в эпистемологическом измерении. Б., 2005.