ЖУМАГУЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУМАГУЛОВ Четин (30. 3. 1937-ж. т., Чүй обл.,

Кант р-ну, Четинди айылы) – тилчи-түрколог, филология илимд. кандидаты (1969), КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1998), КРдин илим ж-а т ехника жаатында мамл . с ый л . л ау реат ы (2006). Түркиянын лингв. коомунун ардактуу мүчөсү (2000). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1960). Кыр­гыз ССР ИАнын Тил ж-а ад-т ин-тунда ил. кызмат­кер (1960–62), Кыргызстан ЛКСМ БКнын агитация ж-а пропаганда бөлүмүндө инструктор (1962–64), Кыр­гыз ССР ИАнын аспиранты (1964–67), Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редакция­сында улук ил. редактор, редакция башчысы, жооптуу секретарь (1968–72), Тил ж-а ад-т ин­тунда ил. кызматкер, сектор башчысы (1972– 90), Тарых ин-тунун алдындагы Терминология бөлүмүнүн башчысы (1990–94), Лексикология ж-а лексикография бөлүмүнүн жетектөөчү ил. кызматкери (1995), КР УИАнын Манас таануу ж-а көркөм мад-ттын улуттук борборунун бөлүм башчысы (1995–2003), 2003-жылдан Кыргыз Эн­циклопедиясынын Башкы редакторунун орун басары. Ил. ишинин негизги багыты – Кырг-н­дагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө ж-а кыргыз терминологиясынын, түркология илиминин көп кырдуу маселелери. Ж. Кырг-н­дын аймагындагы эски доорлордон калган жа­зуу эстеликтерин (рун, уйгур, несториан, араб, тибет, калмак ж. б.) изилдеп, жарыялап, ил. чөйрөгө алып чыккан бир катар жаңы эстелик­терди ачкан. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башын­да кыргыздын тарыхый адамдарына (Жантай, Өзбек, Шабдан, Муратаалы баатыр ж. б.) коюл­ган эстеликтердеги жазууларды биринчилер­ден болуп окуп, которуп жарыялаган. Ж. 300дөй ил. эмгектердин автору. Эмгектери чет тил­дерге да которулган. Орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргызчага ко­торгон.


Эмг.: Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф., 1963; Вып. 2. Ф., 1982; Вып. 3. Ф., 1987; Язык сиро-тюркских (несторианских) памятников Киргизии. Ф., 1971; Кыр­гызстандын эпиграфикалык эстеликтери. Ф., 1988; Кыргызстандын байыркы эстеликтери (жазуулар), мамлекеттик тил (ойлор жана проблемалар). Б., 1998; Эпиграфические памятники древнего Оша. Б., 1999; Кыргыз терминологияс ынын айрым ак туалдуу маселелери. Б., 2000; Кыргызстандагы несториан­түрк эстелик жазуулары (XIII–XIV кылымдар). М. Молдалиева.