ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Жумгал өрөөнүнүн түн. жагында. Кызарттын белинен Көкөмерен капчыгайына чейин чыгыш­тан батышка карай 100 кмге созулат. Орт. би­йикт. 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Кара- Мойнок чокусу). Тескей Ала-Тоонун (Үкөк, Ка­рагатты, Кызарт тоолору) батыш уландысы. Ж. к. т. өз ара жарыш ж-а ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Кара-Мойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү м-н бөлүнөт. Батыш бөлүгү түн.- чыгыштан түш.-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ой-Кайың) ажырайт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан ж-а жогорку про­терозойдун калыңдыгы 500–3000 м болгон фил­лит, кумдук, алевролит тектеринен турат. Ор­тоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордо­виктин калыңдыгы 1000–4600 мге чейинки кум­дук, туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат ж. б. чөкмө тектеринен түзүлгөн. Тоо аралык ойдуңдарда неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектери жатат. Кырка тоонун чыгыш учундагы нефелиндүү сиенит массивдери м-н алюминий кени байланыштуу (к. Сандык кени). Ж. к. т. чыгыштан батышты карай бийиктейт. Тоолордун капталдары бирдей эмес: Жумгал, Ой- Кайың тоолорунун тескей беттери тик ж-а кыс­ка, күнгөй жагы жазы ж-а жантайыңкы. Кин­дик, Кара-Мойнок, Сандык тоолорунуку, теске­рисинче, айдөөш. Тоодон Батыш ж-а Чыгыш Каракол суулары башталат. Кара-Мойнок, Ой- Кайың тоолорунда майда мөңгүлөр бар (жалпы аянты 7,3 км2). Климаттык шарты бийиктикке карай өзгөрөт; жалпысынан кескин континент­тик; абанын орт. темп-расы январда –11,9°С, июлда 12,5°С; жылдык жаан-чачыны 300– 400 мм. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуу­лук б-ча алмашат. Тоо этектеринде, айрыкча күнгөй беттеринде 2200–2300 мге чейин талаа (бетеге, шыбак); 2200–2800 мде шалбаалуу та­лаа (бетеге, дүйүм чөптөр), бир аз жери токой; 2800–3300 мде альп шалбаасы, шалбаалуу та­лаа; 3300 мден жогору шагыл таштуу, аска-зоо­калуу субнивалдык, нивалдык-гляциалдык ал­как жатат. Жайыт.