ЖУМУШ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМУШ , 1) м е х а н и к а л ы к ж у м у ш – күчтүн кандайдыр нерсени белгилүү аралыкка которуу ченин мүнөздөөчү физ. чоңдук. Ал нерсеге аракеттенген күчтүн сан маанисине, багытына, которулуу аралыгына ж-а нерсенин кайсы чекитине аракеттенишине көз каранды. Эгер күчтүн сан мааниси ж-а багыты өзгөрбөсө,

ал эми которулуу М М
түз сызык б-ча болсо (1-сүрөт), анда материалдык чекитке аракеттенген F күчтүн жумушу, ал күчтүн кыймыл багытына болгон проекциясынын S жолуна көбөйтүлгөн көбөйтүндүсүнө барабар, б. а. А=FS cosα; α – күч м-н кыймыл багытынын ортосундагы бурч, S=М0М1; a<90° болгондо, Ж. –
оң сан. Эгер 180°≥α ≥ 90° болсо, Ж. – терс сан;
α=90° болгондо, А=0. Бирдиктердин эл аралык
системасында (СИ) Ж. Джоуль м-н ченелет.
Ж-тун мындан башка эрг (1 эрг = 10–7 Дж) ж-а килограмм-күч-метр (1 кгк⋅м=9,81 Дж) сыяктуу бирдиктери бар. Күчтүн Ж-ун жалпы эсептөө
үчүн э л е м е н т а р д ы к Ж. (dA) деген түшүнүк киргизилет: dA=F⋅ds⋅cosα, мында ds –
нерсенин элементардык которулуусу, α – күчтүн багыты м-н ошол күчтүн түшүү чекитине жаныманын арасындагы бурч (2-сүрөт). 2) т е р м о д ин а м и к а л ы к ж у м у ш – мех. Ж-ту жалпылоочу түшүнүк. Жылуулук энергиясынын алма-

шуусунун негизинде термод. системанын параметрлери (мейкиндиктеги абалы, көлөмү, электр талаасы) өзгөргөндө Ж. аткарылат. Мис., системасынын көлөмү өзгөргөндө аткарылган Ж.: dA=p dυ, р – басым, dυ – көлөмдүн өзгөрүшү.