ВАН ЧУН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
(б. з. 27, Шанъюй уезди, азыркы Чжэцзян провинциясы – 100-ж. ч.) – кытай философу-энциклопедисти. Анын таржымалы «Хоу Хань шу» («Соӊку Хань ж-дөгү китеп») деген династиялык тарыхка киргизилген. В. Ч-нун бирден-бир сакталып калган эмгеги – «Лунь Хэн» («Ой жүгүртүүлөрдү теӊдештирүү») деген китеби атаандаш филос. көз караштарды бирине бирин салыштыруу ыкмасында жазылган. В. Ч-дун философиясынын мааниси – башкы филос. мектептердин эч кайсынысына кирбеген, эч кимди туурабаган, нукура окууну түзгөндүгүндө эмес, ал философтордун стилине, б. а. көзүнө карабай сындоону, тажрыйбага ж-а илимдеги маалыматтарга дайыма таянып иштеп чыккан стили менен айырмаланган. Дүйнөнүн баарына текши бирдейлиги «асман-жер» үрөнүнүн өткөрө назик табиятын көрсөткөн ж-а да өзүн-өзү жараткан материалдык, рухий көрүнүштөрдүн негизинде жаткан универсалдуу, зарделдүү уӊгу-негиз (субстанция) – «дем башаты» (ци) м-н шартталган. Ал эми «дем башаты» өзгөрбөс жазмышты – «жекече табиятты» алып жүрүүчү катары адам аркылуу ишке ашат. В. Ч. адамзат коомунун тарыхын өкүмдарлардын сапаттарына байланышпаган «маданият» үстөмдүктөрүнүн ж-а козголоӊ дорунун мерчемдүү кайталанма алмашуусу катары караган.
'''ВАН ЧУН ''' (б. з. 27, Шанъюй уезди, азыркы Чжэцзян провинциясы – 100-жылга чейин) – кытай философу-энциклопедисти. Анын таржымалы «Хоу Хань шу» («Соӊку Хань жөнүндөгү китеп») деген династиялык тарыхка киргизилген. Ван Чундун бирден-бир сакталып калган эмгеги – «Лунь Хэн» («Ой жүгүртүүлөрдү теӊдештирүү») деген китеби атаандаш философиялык көз караштарды бирине бирин салыштыруу ыкмасында жазылган. Ван Чундун философиясынын мааниси – башкы философиялык мектептердин эч кайсынысына кирбеген, эч кимди туурабаган, нукура окууну түзгөндүгүндө эмес, ал философтордун стилине, башкача айтканда көзүнө карабай сындоону, тажрыйбага жана илимдеги маалыматтарга дайыма таянып иштеп чыккан стили менен айырмаланган. Дүйнөнүн баарына текши бирдейлиги «асман-жер» үрөнүнүн өткөрө назик табиятын көрсөткөн жана да өзүн-өзү жараткан материалдык, рухий көрүнүштөрдүн негизинде жаткан универсалдуу, зарделдүү уӊгу-негиз (субстанция) – «дем башаты» (ци) менен шартталган. Ал эми «дем башаты» өзгөрбөс жазмышты – «жекече табиятты» алып жүрүүчү катары адам аркылуу ишке ашат. Ван Чун адамзат коомунун тарыхын өкүмдарлардын сапаттарына байланышпаган «маданият» үстөмдүктөрүнүн жана козголоӊдорунун мерчемдүү кайталанма алмашуусу катары караган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:52, 24 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАН ЧУН (б. з. 27, Шанъюй уезди, азыркы Чжэцзян провинциясы – 100-жылга чейин) – кытай философу-энциклопедисти. Анын таржымалы «Хоу Хань шу» («Соӊку Хань жөнүндөгү китеп») деген династиялык тарыхка киргизилген. Ван Чундун бирден-бир сакталып калган эмгеги – «Лунь Хэн» («Ой жүгүртүүлөрдү теӊдештирүү») деген китеби атаандаш философиялык көз караштарды бирине бирин салыштыруу ыкмасында жазылган. Ван Чундун философиясынын мааниси – башкы философиялык мектептердин эч кайсынысына кирбеген, эч кимди туурабаган, нукура окууну түзгөндүгүндө эмес, ал философтордун стилине, башкача айтканда көзүнө карабай сындоону, тажрыйбага жана илимдеги маалыматтарга дайыма таянып иштеп чыккан стили менен айырмаланган. Дүйнөнүн баарына текши бирдейлиги «асман-жер» үрөнүнүн өткөрө назик табиятын көрсөткөн жана да өзүн-өзү жараткан материалдык, рухий көрүнүштөрдүн негизинде жаткан универсалдуу, зарделдүү уӊгу-негиз (субстанция) – «дем башаты» (ци) менен шартталган. Ал эми «дем башаты» өзгөрбөс жазмышты – «жекече табиятты» алып жүрүүчү катары адам аркылуу ишке ашат. Ван Чун адамзат коомунун тарыхын өкүмдарлардын сапаттарына байланышпаган «маданият» үстөмдүктөрүнүн жана козголоӊдорунун мерчемдүү кайталанма алмашуусу катары караган.