ЖУСУБАЛИЕВ Кубатбек: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУСУБАЛИЕВ</b> Кубатбек (30. 10. 1941- | <b type='title'>ЖУСУБАЛИЕВ</b> '''Кубатбек''' (30. 10. 1941-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Кердегей айы­лы) – жазуучу. 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн, 1965– 67-жылдарда Москвадагы жогорку сценарийчилер кур­сунун угуучусу болгон. Чыгармачылык жолу 1963- жылдан башталган. Жусубалиев – кыргыз адабиятындагы постмодернизм багытындагы чыгармаларды жа­раткан бирден бир жазуучу. Анын алгачкы «Тоо­лорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы терек­тер» аттуу аңгемелери жана «Күн автопортре­тин тартып бүтө элек» (1963) повести реализм ме­тодунун негизинде жазылгандыгы байкалат. 1981-жылы жазуучунун 2-китеби, «Толубай сынчы» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. 1987-жылы "Ала-Тоо» журналына «Амбарная книга» повес­ти «Күздүн акыркы күнү» деген ат менен жарык көргөн. 1991-жылы «Муздак дубалдар» аттуу ките­би чыккан. Жусубалиевдин чыгармачылыгы менен кыргыз адабиятын­да жаңы багыт, жаңы нук пайда болгон. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
Алай | |||
10:31, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖУСУБАЛИЕВ Кубатбек (30. 10. 1941-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Кердегей айылы) – жазуучу. 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн, 1965– 67-жылдарда Москвадагы жогорку сценарийчилер курсунун угуучусу болгон. Чыгармачылык жолу 1963- жылдан башталган. Жусубалиев – кыргыз адабиятындагы постмодернизм багытындагы чыгармаларды жараткан бирден бир жазуучу. Анын алгачкы «Тоолорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы теректер» аттуу аңгемелери жана «Күн автопортретин тартып бүтө элек» (1963) повести реализм методунун негизинде жазылгандыгы байкалат. 1981-жылы жазуучунун 2-китеби, «Толубай сынчы» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. 1987-жылы "Ала-Тоо» журналына «Амбарная книга» повести «Күздүн акыркы күнү» деген ат менен жарык көргөн. 1991-жылы «Муздак дубалдар» аттуу китеби чыккан. Жусубалиевдин чыгармачылыгы менен кыргыз адабиятында жаңы багыт, жаңы нук пайда болгон.