ЖУСУП МАМАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУСУП МАМАЙ (1918-ж. т., КЭР, Кызыл-Суу Кыргыз автономия обл., Ак-Чий ооданы, Кара- Булак айылы, Ат-Жайлоо конушу) – кызыл­суулук манасчы. Агасы Балбай сегиз жашы­нан Ж. М-га «Манас» эпосу баштаган, «Керба­ла», «Залзал-Заркум», «Шай­маран», «Кыз-Жибек» дас­тандарын ж-а өзү бир нече жыл чогулткан элдик чы­гармалардын кол жазмасы м-н тааныштырып, окута баштаган, «Манас» айтуу­нун ыкмаларын да үйрөт­көн. 1932-ж. элдин өтүнүчү б-ча биринчи жолу «Манас» айтып берген. Эки жылдан

кийин 18 жаш курагында, Жумакун Мамбета­кун манасчы айтып жаткан «Алмамбеттин ар­манын» угуп, анын токтогон жеринен Ж. М. «Алмамбеттин Көкчөгө баргандагысын» кошуп айтып бүтүрөт. Ошондон кийин Ж. М. манас­чы деген атка конот. 1961-ж. Шинжаң Уйгур автономия р-нунун борборунда көркөм өнөр­чүлөр бирикмеси уюштурулуп, Ж. М. айткан ва­риантты жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жа­рым жыл аралыгында 110 000 ыр сап кагазга түшүрүлгөн. 1964–66-ж. экинчи ирет ил. экспе­диция жиберилет. Бул жолу манасчыдан 196 000 ыр сап кагазга түшүрүлөт. 1966-ж. Кытайда «Ма­даний революция» саясаты башталгандыктан, 1966–78-ж. манасчы саясий куугунтукка туш бо­лот. Ал үй-жайынан ажыратылып, Ак-Булуң деген айылга көчүрүлөт. Бул каардуу жылдары 1937-ж. атылып кеткен агасы Балбай айтып берген Манастын урпактары тууралуу баянды Ж. М. өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. 1978-ж. Пекинге чакырылып, манасчынын ва­риантын кагазга түшүрүү иши колго алынат. 1964-ж. жазылып алынган материалдардын ичинен Ж. М-дын «Семетей» бөлүгүнүн кол жаз­масы калып, калганы дайынсыз табылбай кал­ган. Сакен Өмүр, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Ток­тобүбү Ызак тарабынан Манастын 8 урпагы ка­газга түшүрүлгөн (Манас – 50 миң ыр сап, Се­метей – 37 миң ыр сап, Сейтек – 25 миң ыр сап, Кененим – 34 миң ыр сап, Сейит – 11 миң ыр сап, Асылбача-Бекбача – 30 миң ыр сап, Сом­билек – 11 миң ыр сап, Чигитей – 12 миң ыр сап). 1983-ж. кагазга түшүрүү иши аягына чы­гат. Ж. М-дын 18 томдон ж-а 200 миң ашуун ыр саптан турган варианты толугу м-н кагаз бе­тине түшүрүлөт. 1984-ж. «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт. Мындан сырткары Ж. М-дын варианты б-ча «Курман­бек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Ту­тан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар жарыкка чыгат. 2005-ж. Ж. М-дын айтуусундагы «Манас» эпо­сунун толук варианты кыргыз арибинде Кытай­дан чыккан. Анын манасчы катары калыпта­нышына учурунда бир тууган агасы Балбай жа­зып алган Чоюке, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай манасчылардын варианттары да чоң


таасир берген. Кырг-нда Ж. М-дын чыг-лыгын ж-а ал айткан «Манас» эпосун С. Алиев, Т. Кул­матов, К. Жусупов, К. Жумалиев, М. Жумалиев, К. Кырбашев, К. Артыкбаев, Р. Кыдырбаева, Ж. Орозобекова, Кытайда: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Ток­тобүбү Ызак, Жусупакун апай ж. б. изилдеген. Ж. М. 1990-ж. Үрүмчү ш-нда өткөрүлгөн «Ма­нас» эпосу б-ча Эл аралык ил. конф-яга ка­тышкан. Кырг-нга биринчи ирет 1992-ж. С. Ороз­баковдун 125 жылдык мааракесине, кийин 1995-ж. «Манас» эпосунун 1000 жылдык салта­натына конок катары чакырылып, «Манас» эпо­сун жайылтууда сиңирген эмгеги үчүн КРдин эл артисти деген ардактуу наам берилген. КЭРде Ж. М-дын өмүр таржымалына ж-а чыг-лыгына арналган «Залкар манасчы Жусуп Мамай» (ав­торлору: Токтобүбү Исак кызы ж-а Адыл Жума Турду уулу) деген китеп 2007-ж. Пекиндеги Улут­тар басмасынан жарык көрдү. Бул китеп араб ариби м-н эмес, жайы кытайлык кыргыздар үчүн кыргыз арибинде басылган. 2007-ж. I даража­дагы Манас ордени м-н сыйланган.


Ад.: «Манас» эпосу жөнүндө. Б., 1994; Алиев С., Кулматов Т. Жусуп Мамай // Манасчылар жана изилдөөчүлөр. Б., 1995; Кыргыздар. 4-китеп. / Түз.: К. Жусупов. Б., Кыргыз руху – «Манас». Б., 1995; 1997; Кырбашев К. Манасчы Жусуп Мамай. Б., 1997. Т. Бакчиев.