ВАН ЭЙК: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(6 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВАН ЭЙК ''' Ян (1390 же 1385-жылдар чен, Маастрихтке жакын – 22 же 23. 6. 1441, Брюгге) – нидерланд сүрөтчү-живописчиси новатору. Нидерландагы ''Кайра жаралуу'' искусствосун баштоочулардын бири. 1425-жылдан бургунд герцогу Филипп Добрыйдын ак сарай сүрөтчүсү болгон. 1427-жылы Испанияга, 1428–1429-жылдары Португалияга келген. 1430-жылдан Брюггеде жашаган. Ван Эйктин атактуу чыгармасы – «Гент алтары». Чыгарманы живописчи Хуберт баштаган жана 1432-жылы Ян бүтүргөн (Хуберт Яндын улуу агасы, 1420-жылы Гентте иштеген, 1426-жылы өлгөн). «Гент алтары» (1430–1432 же 1423–1432, Генттеги Түндүк Бавона собору) нидерланд искусствосунун тарыхында жаӊы доорду ачкан. Ван Эйктин чыгармачылык бийиктикке жетишине алтардын монумент композициялары («Канцлер Ролендин мадоннасы», 1436-жыл чен, Лувр; «Каноник ван дер Паленин мадоннасы», 1436, Муниципалдык сүрөт галереясы, Брюгге) өбөлгө болгон. Композицияларында ''пейзаж, интерьер, натюрморт'', портреттик сүрөттөр маанилүү орунда. Сүрөттөгү майда бөлүкчөлөр жана бүтүндүк бири- | |||
[[File:ВАН ЭЙК37.png | thumb | Ян ван Эйк. «Жубайлар Ж. Арнольфинилердин портрети». <br/>1434. Улуттук галерея (Лондон).]] | |||
Ян ван Эйк. «Жубайлар Ж. Арнольфинилердин портрети». | бирине органикалык түрдө байланышкан: архитектуралык бөлүкчөлөр, буюмдардын жайгаштырылышы, гүлдөп жаткан өсүмдүктөр, асыл таштар жана кездемелер, Кудай эненин көркөм кийимдери жана ага табынып жаткан адамдардын келбеттери өтө чеберчилик менен тартылган. Ван Эйк биринчилерден болуп ийкемдүү май живописин жана тунук боёк катмарларын колдонгон. Живопистин бул ыкмасы дүйнөлүк живопистин тарыхында чоӊ мааниге ээ болгон. Ван Эйк Европада алгачкылардан болуп портрет жанрында чоӊ чебер аталган («Тимофей», 1432; «Кызыл баш кийимчен адам», 1433, экөө теӊ Улуттук галерея, Лондон; Сүрөтчүнүн жубайы Маргарет ван Эйктин портрети, 1439, Муниципалдык сүрөт галерея, Брюгге), Европада алгачкылардан болуп эки<br/>кишиден турган портретти тарткан («Жубайлар Арнольфинилердин портрети», 1434, Улуттук галерея, Лондон). Ван Эйктин искусствосу нидерландык эле эмес, италян чеберлерине да (Антонелло да Мессина жана башкалар) таасирин тийгизген. <br/>Ад.: ''Егорова К. С.'' Ян ван Эйк. М., 1965; ''Никулин Н. Н.'' Ян фан Эйк. [Альбом]. Л., 1968.<br/>''Н. Жылдызова.'' | ||
1434. Улуттук галерея (Лондон). | [[Файл:ВанЭйк.jpg|left|thumb|Як ван Эйк «Бүбү Мария ымыркайы, китеби менен»]] | ||
бирине | [[Файл:Арнольфин.jpg|center|thumb|Ян ван Эйктин «Арнольфинилер» картинасы]] | ||
кишиден турган портретти тарткан («Жубайлар Арнольфинилердин портрети», 1434, Улуттук | |||
Ад.: ''Егорова К. С.'' Ян ван Эйк. М., 1965; ''Никулин Н. Н.'' Ян фан Эйк. [Альбом]. Л., 1968. | |||
''Н. Жылдызова.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:27, 6 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ВАН ЭЙК Ян (1390 же 1385-жылдар чен, Маастрихтке жакын – 22 же 23. 6. 1441, Брюгге) – нидерланд сүрөтчү-живописчиси новатору. Нидерландагы Кайра жаралуу искусствосун баштоочулардын бири. 1425-жылдан бургунд герцогу Филипп Добрыйдын ак сарай сүрөтчүсү болгон. 1427-жылы Испанияга, 1428–1429-жылдары Португалияга келген. 1430-жылдан Брюггеде жашаган. Ван Эйктин атактуу чыгармасы – «Гент алтары». Чыгарманы живописчи Хуберт баштаган жана 1432-жылы Ян бүтүргөн (Хуберт Яндын улуу агасы, 1420-жылы Гентте иштеген, 1426-жылы өлгөн). «Гент алтары» (1430–1432 же 1423–1432, Генттеги Түндүк Бавона собору) нидерланд искусствосунун тарыхында жаӊы доорду ачкан. Ван Эйктин чыгармачылык бийиктикке жетишине алтардын монумент композициялары («Канцлер Ролендин мадоннасы», 1436-жыл чен, Лувр; «Каноник ван дер Паленин мадоннасы», 1436, Муниципалдык сүрөт галереясы, Брюгге) өбөлгө болгон. Композицияларында пейзаж, интерьер, натюрморт, портреттик сүрөттөр маанилүү орунда. Сүрөттөгү майда бөлүкчөлөр жана бүтүндүк бири-

1434. Улуттук галерея (Лондон).
бирине органикалык түрдө байланышкан: архитектуралык бөлүкчөлөр, буюмдардын жайгаштырылышы, гүлдөп жаткан өсүмдүктөр, асыл таштар жана кездемелер, Кудай эненин көркөм кийимдери жана ага табынып жаткан адамдардын келбеттери өтө чеберчилик менен тартылган. Ван Эйк биринчилерден болуп ийкемдүү май живописин жана тунук боёк катмарларын колдонгон. Живопистин бул ыкмасы дүйнөлүк живопистин тарыхында чоӊ мааниге ээ болгон. Ван Эйк Европада алгачкылардан болуп портрет жанрында чоӊ чебер аталган («Тимофей», 1432; «Кызыл баш кийимчен адам», 1433, экөө теӊ Улуттук галерея, Лондон; Сүрөтчүнүн жубайы Маргарет ван Эйктин портрети, 1439, Муниципалдык сүрөт галерея, Брюгге), Европада алгачкылардан болуп эки
кишиден турган портретти тарткан («Жубайлар Арнольфинилердин портрети», 1434, Улуттук галерея, Лондон). Ван Эйктин искусствосу нидерландык эле эмес, италян чеберлерине да (Антонелло да Мессина жана башкалар) таасирин тийгизген.
Ад.: Егорова К. С. Ян ван Эйк. М., 1965; Никулин Н. Н. Ян фан Эйк. [Альбом]. Л., 1968.
Н. Жылдызова.

