ЖЫЛ СҮРҮҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛ СҮРҮҮ – салттуу турмушта мезгилдин агымын, окуянын мөөнөтүн, кишинин жашын ж. б. эсептөө ыкмасы. Кыргыздарда Ж. с. кайталанма мүнөзгө ээ. Кыргыздын элдик Ж. с-сү 12 жаныбардын аты м-н аталган: чычкан, уй, барс, коён, улуу (балык), жылан, жылкы, кой, мечин (маймыл), тоок, ит, доңуз. Кишинин жашын аныктаганда кайсы жылы төрөлсө, ошондон баштап ирети бузулбай санала берген. Он эки жыл толук айланып, он үчүнчүгө кеткенде мүчөл жыл деп айтылган. Биринчи мүчөлдү 12 эмес, 13 деп эсептегени адамдын курсакта жатканын кошуп эсептөөгө байланыштуу. Адамдын жашын аныктап билгендер жыл сүргүчтөр деп аталган. Алар төрөлгөн жылына карата жашын, жашына карата төрөлгөн жылын аныкташкан.

Ад.: Захарова И. В. Двенадцатилетний животный цикл у народов Центральной Азии // Тр. Ин-та истории, археологии и этнографии АН Каз. ССР. Т. 8. А.-А., 1960; Искаков М. Халык календары. А.-А., 1963; Кыргыздар: санжыра, тарых, мурас, салт.
т. 1, Б., 1991; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Фиельструп Ф. А. Из обрядовой жизни киргизов нач. 20-в. М., 2002. А. Көчкүнов.