ЖЫЛЫТУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛЫТУУ – жылдын суук мезгилинде турак үйлөрдү, коомдук ж-а өндүрүш жайларын санит.- тех. шартка ылайык жылуу темп-рада кармап туруучу жасалма жылытуучу түзүлүштөр. Ал­гачкы жылыткыч түзүлүштөр таш доорунда эле белгилүү болгон. Адегенде түтүн чыгуучу түтүктөрү бар жылыткыч мештер колдонулган. Ж. системасынын негизги бөлүгү борб. Ж. сис­темасы болуп эсептелет. 15-к-да аба м-н Ж. пай­да боло баштады. Суу ж-а буу м-н Ж. 19-к-да өнүктү. 20-к-дын башында нур м-н ж-а панелдүү Ж. ишке киргизилди. Ж. негизинен жерг. ж-а борб. болуп экиге бөлүнөт. Меш, газ ж-а электр­дик Ж. жерг. болот. Борб. Ж. системасы төмөнкүлөрдөн турат: 1) жылуулук генератору (казан, меш) – күйгөн отундун жылуулугун аба, суу аркылуу бөлүп чыгарат; 2) ысыткыч жабдуу­лар – жылуулукту аба аркылуу берүүчүлөр; 3) жылуулук өткөргүчтөр – жылуулук булагы­нан ысыткыч жабдууларга жылуулук жет­кирүүчү түтүктөр же каналдар тармагы. Айрым учурда адамга таасири жакшы болгондуктан, нур м-н Ж. колдонулат. Мында Ж. имарат­тын шыбына же дубалына киргизилген ичин­де ысык суусу бар болот түтүктөрүнөн чыгуучу нур м-н ишке ашырылат. Борб. Ж. түйүндө-

рүндө жылуулук алып жүргүч катары суу, буу ж-а аба пайдаланылат. Айрым учурда айка­лыштырылган Ж. тармагы колдонулат. Булар­га буу-суу, буу-аба, суу-аба ж. б. Ж. системала­ры кирет.