ЖЫНЫСТЫК БУЗУЛУУЛАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫНЫСТЫК БУЗУЛУУЛАР , п е р в е р ец и я л а р – жыныстык каалоонун багытталышынын аны канааттандыруу жолдорунун оорулуу бузулушу. Мында жыныстык кумарлануу ылайык келбеген объектиге багытталат: эркектердин эркектерге (гомосексуалдуулук), аялдардын аялдарга (лесбий сүйүүсү), жаш балдарга (педофилия), жакын туугандарына (инцестофилия), жаныбарларга (зоофилия), өлүктөргө (некрофилия). Ж. б. кээде ошол адамдын жыныстык козголуусун пайда кылуучу буюмдарга кызыгуу (фетишизм) түрүндө байкалат. Мис., бөлөк жыныстагы кишинин кийимин кийүү (трансвестизм), башка жыныстагы кишинин алдында жылаңачтануу, о. эле эркектердин аялдын чачына, бет аарчысына, бут кийимине ж. б. кызыгуусу. Жыныстык канааттануу өнөгүнө катуу, орой мамиле жасоо (садизм) же денесин оорутуу, ындынын өчүрүү м-н да өтөт. Айрым окумуштуулар гомосексуалдуулукту, трансвестизмди тубаса оору деп эсептешет. Ж. б-дын пайда болушуна кээ бир нерв ж-а психикалык оорулар (мис., энцефалит, мээнин жабыркашы, шизофрения), эндокриндик ж. б. бузулуулар себеп болушу мүмкүн. Дарылоо аны пайда кылган себебине карата жүргүзүлөт. Психотерапия, гормон дарылары, нейролептиктер колдонулат. Алдын алууда жыныстык тарбияны туура жүргүзүүнүн мааниси чоң.