ЖЫРГАЛАҢ КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫРГАЛАҢ КӨМҮР КЕНИ Каркыра, Түп ж-а Жыргалаң сууларынын алабында, Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нунда жайгашкан. Кен 1914- жылдан бери белгилүү. Акыркы геол. чалгын­доо иши 1982–85-ж. жүргүзүлгөн. Көмүр төмөнкү юранын жыргалаң, ортоңку юранын көк-бел свиталары м-н байланышкан. Бардыгы 10 ка­бат, кабатча, линзаларга бөлүнгөн. Алардын ичинен 2 кабат (I ж-а V) ө. ж-лык мааниге ээ, дагы 2 кабат (III ж-а II) линза түрүндө болуп, ө. ж-лык мааниге ээ эмес. Негизги кен V кабат болуп эсептелет. Анын калыңдыгы 0,10 мден 16,80 мге чейин өзгөрөт. Жыргалаңдын көмүрү сапаты б-ча Д маркасына таандык. Көмүрдүн орт. күлдүүлүгү 11,61–12,07% орт. күйүү жылуу­лугу 31,6–31,7 М Дж/кг (7549–7573 ккал/кг) түзөт. 1997-ж. 1-январына карата баланстагы запасы (В+С1 категориясы б-ча) 13987 миң т ны түзөт.