ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</b> – Ысык- | <b type='title'>ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</b> – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу суу булагы. Каракол шаарынан 10 <i>км</i> түндүк тарапта, Ысык-Көлдүн чыгыш кылаасында, Жыргалаң суусунун боюнда, де­ңиз деңгээлинен 1624 <i>м</i> бийикте. 1960-жылы терең бургу­лоо көзөнөгүнөн чыгарылган. Суу чыккан жер­де антропогендин кумдук ж-а алевролиттен тур­ган чөкмө тектери жатат. Минералдуу ысык суу 3000 <i>м</i> тереңдиктеги палеозой тоо тектеринде пайда болуп, үстүнкү мезозой кабаттарына жа­рака аркылуу көтөрүлөт. Көзөнөктөн чыккан суунун дебити 37,5 <i>л/сек</i>, температурасы 46°С. Химиялык курамы боюнча хлорид-сульфат-натрийлүү, же­гичтүү (рН = 8,5) арашан сууларына кирет. <i>Ак-</i><i>суу минералдуу суусуна</i> окшош, бирок андан кремний кислотасынын аздыгы, фтордун ж-а каль­цийдин көптүгү м-н айырмаланат. Суу тузсуз, жытсыз, даамсыз. Курамында бир аз йод, бром, бор, молибден, жез, цинк, коргошун, гумин бар. Суу муун, булчуң ж-а нерв ооруларына шыбаа. Анын базасында <i>Жыргалаң курорту</i> иштейт. Имараттарды жылытууга, турмуш-тиричилик керектөөсүнө да пайдаланылат. Запасы А кате­гориясы боюнча суткасына 1,728 миң <i>м</i><sup>3</sup>. | ||
Көл | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
<i>суу минералдуу суусуна</i> окшош, бирок андан кремний | |||
09:15, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу суу булагы. Каракол шаарынан 10 км түндүк тарапта, Ысык-Көлдүн чыгыш кылаасында, Жыргалаң суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1624 м бийикте. 1960-жылы терең бургулоо көзөнөгүнөн чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин кумдук ж-а алевролиттен турган чөкмө тектери жатат. Минералдуу ысык суу 3000 м тереңдиктеги палеозой тоо тектеринде пайда болуп, үстүнкү мезозой кабаттарына жарака аркылуу көтөрүлөт. Көзөнөктөн чыккан суунун дебити 37,5 л/сек, температурасы 46°С. Химиялык курамы боюнча хлорид-сульфат-натрийлүү, жегичтүү (рН = 8,5) арашан сууларына кирет. Ак-суу минералдуу суусуна окшош, бирок андан кремний кислотасынын аздыгы, фтордун ж-а кальцийдин көптүгү м-н айырмаланат. Суу тузсуз, жытсыз, даамсыз. Курамында бир аз йод, бром, бор, молибден, жез, цинк, коргошун, гумин бар. Суу муун, булчуң ж-а нерв ооруларына шыбаа. Анын базасында Жыргалаң курорту иштейт. Имараттарды жылытууга, турмуш-тиричилик керектөөсүнө да пайдаланылат. Запасы А категориясы боюнча суткасына 1,728 миң м3.