ЖЫРГАЛАҢ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫРГАЛАҢ ӨРӨӨНҮ</b> – Ысык-Көл ойдуңунун | <b type='title'>ЖЫРГАЛАҢ ӨРӨӨНҮ</b> – Ысык-Көл ойдуңунун түндүк-чыгыш, чыгыш уландысы. Жыргалаң суу­сунун алабында. Ак-Суу, Түп райондорунун айма­гында. Аянты 1150 <i>км</i><sup>2</sup>, узундугу 120 <i>км</i>, туурасы 0,5– 1,5 <i>км</i>. Эң бийик жери 3800–4400 <i>м</i>, эң жапыз жери 1608–1800 <i>м</i>. Тескей Ала-Тоонун түндүк-чы­гыш капталынан капчыгай сымал башталат. Баш жагында субмеридиан багытында жаткан тепши сымал өрөөн; төмөнкү бөлүгү кеңдик багытында, кенен, негизинен неогендин кум, чопо тектери м-н капталган. Өрөөн ичинде 6–7 тектир бар; Ак-Булактан баштап таманы саз­дуу. Жылдык орточо температурасы 5–6°С, январды­кы –7°С, июлдуку 16,6°С. Жылдык жаан-чачы­ны 400–800 <i>мм</i>. Кара ж-а тоо-токой топурак­туу; тоолуу бөлүгүндө тулаң, карагай, бадал, суб­альп өсүмдүктөрү өсөт; андан жогору субнивал­дык ландшафт мүнөздүү. Өрөөндүн түзөң жер­леринде эгин, жашылча эгилип, мөмө бакта­ры өстүрүлөт. Суулары балыкка бай. Жырга­лаң суусунун тоодон чыга бериш жеринде таш көмүр казылып алынат (к. <i>Жыргалаң көмүр ке­ни</i>). Көп жери жайыт. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
чопо тектери м-н капталган. Өрөөн ичинде 6–7 | |||
тектир бар; Ак-Булактан баштап таманы саз­дуу. Жылдык | |||
09:24, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫРГАЛАҢ ӨРӨӨНҮ – Ысык-Көл ойдуңунун түндүк-чыгыш, чыгыш уландысы. Жыргалаң суусунун алабында. Ак-Суу, Түп райондорунун аймагында. Аянты 1150 км2, узундугу 120 км, туурасы 0,5– 1,5 км. Эң бийик жери 3800–4400 м, эң жапыз жери 1608–1800 м. Тескей Ала-Тоонун түндүк-чыгыш капталынан капчыгай сымал башталат. Баш жагында субмеридиан багытында жаткан тепши сымал өрөөн; төмөнкү бөлүгү кеңдик багытында, кенен, негизинен неогендин кум, чопо тектери м-н капталган. Өрөөн ичинде 6–7 тектир бар; Ак-Булактан баштап таманы саздуу. Жылдык орточо температурасы 5–6°С, январдыкы –7°С, июлдуку 16,6°С. Жылдык жаан-чачыны 400–800 мм. Кара ж-а тоо-токой топурактуу; тоолуу бөлүгүндө тулаң, карагай, бадал, субальп өсүмдүктөрү өсөт; андан жогору субнивалдык ландшафт мүнөздүү. Өрөөндүн түзөң жерлеринде эгин, жашылча эгилип, мөмө бактары өстүрүлөт. Суулары балыкка бай. Жыргалаң суусунун тоодон чыга бериш жеринде таш көмүр казылып алынат (к. Жыргалаң көмүр кени). Көп жери жайыт.