ЖЫРТЫШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫРТЫШ – кездеменин айрып алынган бөлүгү. Көзү өткөн кишинин сөөгүн алып чыгарда аялдарга таркатылган. Ж. карыган киши каза болгондо гана берилет. Бул – байыркы мезгилдерден калган салт. Көп жашаган же өтө кадырман киши өлгөндө, андагы касиеттүү сапаттар көзү тирүүлөргө өтсүн деген ишеним м-н алардын кийимин жыртып алып кетүү каадасына байланыштуу келип чыккан.