ЖЭЭК КЫЗЫЛ ОТУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЭЭК КЫЗЫЛ ОТУ – дан уруктуулар тукумуна кирүүчү көп жылдык чөп. Сабагынын бийикт. 100–130см,жалбырактарыичке,30–45смузундукта келип, сабагынын түп жагына жайгашкан. Жалбырактары сыртынан көп анча эмес түкчөлөр м-н капталган. Тамыры сойлобойт, көпшөк. Жапайы түрү Кырг-н аймагында кездешпейт. Негизги таралган аймагы – Кавказ, КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын шалбаалуу талааларынын дөңсөөлөрү. Респ-када чөп аралашмасына кошуу ж-а жайыт үчүн колдонуу максатында селекциялык жол менен «Жылдыз» деген сорту чыгарылып, 1989-жылы респ-канын тоолуу аймактарына жайыт чөбү катары пайдалануу үчүн эгилген (автору Ш. Т. Токтогожоев). Тоолуу жайыттын сугат жеринде 4 жолу, кайрак жерде 2 жолу мал жайса болот. Жашыл чөбүнүн түшүмү 4 жолу пайдаланууда гектарынан 300–350 цди түзүп, 20–25% протеин кармайт. Мал жайылгандан кийин 20–25 күндө эле кайрадан мал оттоого жарап калат. Тоолуу аймакта эспарцет чөбү м-н аралаш себилсе, бир убакта чаап алса болот. Уругу август айынын биринчи он күндүгүндө бышып, гектарына 2– 2,5 ц түзөт, ал эми Чүй өрөөнүндө июнь айынын ортосуна туура келет.
Ад.: Токтогожоев Ш. Т. Кыргызстандын тоют өсүмдүктөрү. Ф., 1991.