ЖЭЭНАЛИЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЭЭНАЛИЕВ Токтожума (9. 5. 1933-ж. т., То­гуз-Торо р-ну, Арал кыш.) – милициянын гене­рал-майору (1984), СССР ИИМдин эмг. сиң. кыз­маткери (1974), КРдин эмг. сиң. юристи (1994). Жалал-Абад ш-ндагы муга­лимдер ин-тун (1952), СССР ИИМдин Алматыдагы ата­йын мектебин (1960), Мос­квадагы жогорку мектебин (1968) бүтүргөн. 1952–55-ж. Казарман орто мектебинде мугалим, комсомолдун То­гуз-Торо райкомунда бөлүм башчы, 1959–62-ж. Нарын шаардык ички иштер бөлү­мүндө участкалык инспек-

тор, 1962–63-ж. Нарын обл. ички иштер башкар­малыгынын оперуполномочени, 1963–71-ж. То­гуз-Торо, Ак-Талаа р-ндук ички иштер бөлүм­дөрүнүн улук уполномочени, Ак-Талаа р-ндук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 1971–72-ж. Нарын обл. ички иштер башкармалыгында бө­лүмдүн начальниги, 1972–75-ж. Жумгал р-ндук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 1975–87-ж. Нарын обл. ички иштер башкармалыгында на­чальниктин орун басары, начальниги, 1987– 96-ж. ИИМде Кадрларды даярдоо борборунун на­чальниги, 1998-жылдан КР ИИМдин Э. Алиев атн. Академиясынын профессору. Эмгек Кызыл Туу, III даражадагы Манас ордендери ж-а ме­далдар м-н сыйланган.