ЖЭЭНБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЭЭНБАЕВ Хасан (1902, Ысык-Көл обл., Ысык- Көл р-ну, Бостери айылы – 1937, сөөгү 1992-ж.

Чоң-Таштагы Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – мамл. ишмер. Балдар үйүндө тарбияланып, а. ч. мектебин окуган (1918–19). 1919–21-ж. Кызыл Армиянын катарында кызмат кылган. 1926-ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик ун-тин бүтүргөн. 1926–28-ж. сов. ж-а комсомолдук кызматтарда иштеген. 1928–29-ж. Украина КП(б) Кадиев райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1933–35-ж. Кыргыз АССР ВКП(б) Базар-Коргон райк омуну н с ек рет ары, ВКП(б) Кыргыз обкомунун уюштуруу ж-а а. ч. бөлүмүнүн башчысы, 2-секретары.
1937-ж. Кырг-н КП(б) БКнын экинчи секретарлыгына шайланып, ошол эле жылы репрессияга дуушар болуп, атылып кеткен. 1957-ж. толук акталган.